Депутат И.Масалиев Бишкек ЖЭБде жакын туугандар иштээрин сынга алды

Автор: Субанбек Исмакеев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Депутат Исхак Масалиев Бишкек Жылуулук электр борбору жалаӊ ата-бала, ага-ини, жек-жааттар иштеген энергетикалык үй-бүлөлүк кланга айланып калганын белгиледи. Буга ал курамы 7 адамдан турган Бишкек ЖЭБин молернизациялоо долбоорун башкаруу тобунда иштеп жаткан ата-бала Биримкуловдорду мисал тартты. Бул тууралуу ал 13-мартта Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отурумунда билдирди.

«Мында кызыктай жагдай түзүлүп калыптыр. Ата-бала бир топто иштейт. ЖЭБдин директорунун агасы цехтин башчысы болуп иштейт. Дагы бирөөнүн келини иштейт. Уят эмеспи. Канчалык мыкты адистер болсо дагы, кимиси иштер-иштебесин өз ара чечишип алышпайбы», — деп, кызматкерлердин толук тизмесин берүүнү талап кылды.

Источник: maralfm.kg