Адилет КАЛЫГУЛОВ, жарандык активист: “Татынакай иштеп жаткан ишкананы чет элдиктерге карматабызбы?”

Обратите внимание на дату публикации.

Өкмөт өлкөбүздөгү эл аралык «Манас» аба майданына инвестиция тартууну көздөп жатканы маалым. Бул тема кызуу талкууга алынып, коомчулук «Стратегиялык маанидеги мамлекеттик компанияны чет элдиктердин колуна карматабызбы?» деп катуу нааразычылыгын билдирген. Мындан соң өкмөт аба майданы эч кимге берилбесин жөн гана инвестиция салууну каалагандар бар экенин айтып шылтоолоду.

Бирок, аба майданга 250 млн доллар инвестиция салабыз деген түркиялык ишкерлер андагы оператордук кызматты өз колдоруна ала турган 25 жылдык келишим түзүүнү сунуштаганын эске алсак, бул – колдогу алтынды бекер карматканга тете экени айныгыс иш. Дегеним, деңиздин тамчысындай болгон 250 млн долларды татынакай иштеп жаткан «Ош», «Тамчы» жана «Манас» аба майдандары деле табууга кудуреттүү эмеспи.

Алсак, «Манас» аба майданынын жылдык кирешеси 2 млрд сомго жакын каражатты түзөт. Мына ушундай кирешелүү компанияны чет элдиктерге карматкан туурабы? Инвестиция салабыз деген түркиялыктар ишке айтылган сумманын 10 чакты эле пайызын жумшап, калганын 25 жыл аралыгында жогорудагы аба майдандарынан түшкөн кирешени жумшары турган иш эмеспи? Же Калп айтамбы?..

Минтип биздин аба майданга көз арткан чет элдик инвесторлордун эңсегенин эмчектеги бала деле аңдап жаткандыр. Андыктан баарын талтап чыккан соң татынакай иштеп жаткан ишканага кол салуунун кереги барбы же кимдир бирөөнүн сол чөнтөгү жашылбайларга толбой жатабы деген суроо жаралат экен…

Источник: egemen.kg