Кыргызстан-Кытай газ кууру 2019-жылдын аягында курула баштайт

Автор: Субанбек Исмакеев
Марал радиосу Марал радиосу
19 декабря 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстан-Кытай газ куурун 2019-жылдын аягында куруп баштоо пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов менен Кытайдын SINO-Pipeline International Company Limited компаниясынын директору Мэн Фаньчундун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда тараптар долбоорду ишке ашырууну тездетүүгө кызыктарлыгын жана пайда болгон тоскоолдуктарды чечүүгө жардам берүүгө даярдыгын билдиришти.

Эске сала кетсек, түркмөн газын Кытайга ташуу үчүн курула турган газ куурунун 4-түтүк тармагы Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтөт. Газ түтүгүнүн Кыргызстан аркылуу өткөн бөлүгү 215 чакырым аралыкты түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу 3 жылга белгиленген, баасы $1,2 млрд турат.

Источник: maralfm.kg