Кыргызстанда тоо арасындагы дарыяларга суу электр станциясын куруунун потенциалы зор экени белгилүү. Ошол эле учурда Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр станциясын куруу мурдакы Ѳкмөттүн планында бар болуп келген эле. Соңку учурда дүйнөдө энергиянын салттуу эмес шамал, күн булактарын өздөштүрүү аракеттери кеңири кулач жайып жаткан чакта, кыргыз мамлекети үчүн энергетиканын кайсыл түрүн өздөштүрүү келечектүү маселе? Мына ушул суроо менен Би-Би-Си Кыргызстандын энергетика тармагынын мурдакы жетекчилеринин бири, өлкөнүн ѳнѳр жайына эмгек сиңирген ишмер Райымбек Мамыровду маекке тартты.
Р. Мамыров: Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы союз маалында эле изилденип чыккан. Республиканын суу ресурстары 140 млрд квт ашык электр кубатын иштеп чыга турганга мүмкүнчүлүгү жетет деген эсептөөлөр болгон. Ошонун эсебинен Кыргызстан гидроресурстардын запасы боюнча СССРде үчүнчү орунда турган. Орто Азияда Тажикстандан кийинки экинчи орунда болчу.
Би-Би-Си: Дүйнөдө кийинки учурда электр кубатынын салттуу эмес булактарын өздөштүрүү дүркүрөп өнүгүп жатпайбы, мисалы күндүн, шамалдын энергиясы. Ушундай шартта суу электр станцияларын куруунун экономикалык келечегин кандай көрүп жатасыз?
Р. Мамыров: ГЭСтердин кубаттуулугу чоң болгон сайын алардан чыккан электрдин наркы ошончолук төмөн болот. Чоң ГЭСтер менен ошол эле күн же шамал булактарын салыштыра турган болсок, баа жагынан дагы эле суу электр станциялары жеңип чыгып жатат. Анын үстүнө азыр биз жакшы убакка туура келип калдык. Азыр бүт дүйнөдө энергиянын кайра калыбына келип турган булактарына керектөө күчөп жаткан шартта биз утуштуу жолдо турабыз. Мен айтып жаткан 140 млрд квт сааттык потенциалды курганга көп мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Материалы на тему
- — Шесть лет, которые вели Кыргызстан к серьезным переменам
- — Правительство: Из Казахстана начал поступать уголь
- — 6 лет президента Алмазбека Атамбаева, или значимые шаги для будущего кыргызов
- — Проекты, реализованные в срок Атамбаева
Метки
Күндүн жана шамалдын электр энергиясынын өздүк наркы бүгүнкү күндө чоң ГЭСтерден чыккан электрге караганда үч эсе кымбат болуп жатат.
Би-Би-Си: Нарын дарыясындагы каскаддардан сырткары Сары-Жаз дарыясында дагы ГЭСтерди куруунун келечеги бар деп айтып жүрүшөт. Сиз бул жактагы потенциалды кандай баалайсыз?
Р. Мамыров: Сары-Жаздан башка бизде Көкөмерен дарыясында дагы каскад куруу потенциалыбыз бар. Бул жерде кубаттуулугу Токтогул ГЭСинен чоңураак, 1 300 миң квт боло турган үч-төрт станция курса болот. Андан сырткары сиз айтып өткөн Сары-Жазда, Нарындын башында, Чаткалда курула турган 22 ГЭСтин тизмеси бар. Анын ичинен үчөө-төртөөнүн эсеп-чоту союз маалында эле бүткөн.
Жогорку-Нарын каскады ошолордун бирөөсү эле. Сары-Жаз боюнча эсептөөлөр аягына чыга элек. Кыргызстанга биринчи кезекте Камбар-Ата-1 ГЭСин курган ыңгайлуу. Жогорку-Нарын каскадындагы электр наркы Кыргызстанда азыркы сатылып жаткан электр баасы боюнча алганда саал кымбатыраак.
Би-Би-Си: Кара-Кече көмүр кенинде жылуулук электр станциясын куруу жөнүндө өкмөттүн пландары белгилүү болгон эле. Бул иштин токтоп турганы инвестордун чыкпай жатканына эле байланыштуу деп ойлойсузбу?
Р. Мамыров: Кара-Кече күн өткөн сайын актуалдуу болбой баратат. Себеби дүйнө жүзүндө экологияны сактоо багыты күчөп кетип жатпайбы. Мындан үч жыл мурун Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу актуалдуу болуп турган эле, бирок акыркы кезде көп инвесторлор, анын ичинде эл аралык банктар мындай долбоорлорго инвестиция бөлгөндү басаңдатып коюшту. Себеби, көмүр менен иштелип чыккан энергия барып-барып экологияны булгайт.
Үч жыл мурун баштап жиберсек, азыр курулуп калат болчу. Азыр бул маселенин актуалдуулугу жыл өткөн сайын азайып баратат. Ѳкмөт бир-эки жолу тендер жарыялап көрдү, бирок курабыз деген кишилер келген жок.
Би-Би-Си: Чоң электр станцияларын курганга, албетте, сырттан чоң акчалуу инвестор керек. Ошол эле учурда чакан ГЭСтерди курууга эмнеге Кыргызстандын өзүнүн аракети анчалык болбой жатат. Азыр чакан ГЭСтерди куруунун технологиясын алып келсе деле болот эле да.
Р. Мамыров: Чакан ГЭС куруу деле өзүнчө бир өндүрүш. Бул өндүрүшкө акча жумшай турган адамдар эң биринчи эсептеп көрүшөт пайда-чыгымын. Бүгүнкү күндө электр энергиянын баасы төмөнүрөөк болуп жатат. Ошого байланыштуу чакаг ГЭСтерден иштелип чыккан электр кубатынын өздүк наркы конкуренттүү боло албай турат. Алардыкы чоң станцияларга караганда кымбатыраак болот.
Бирок күн өткөн сайын бул актуалдуу маселе болуп баратат. Бир жагынан электр энергиясын керектөө өсүп жатат, экинчи жагынан анын баасы акырындап көтөрүлүп баратат. Үчүнчүдөн электр энергияны таза жол менен алууну караган дүйнөлүк саясатка туура келип жатат. Төртүнчүдөн, Кыргызстандан анча-мына акчалуу ишкерлеринин дагы мүмкүнчүлүктөрү пайда болууда.
Мисалы, Кеминде курулган чакан ГЭС ошондой жеке ишкердин өзүнүн капиталынын, өзүнүн аракетинин натыйжасы. Бара-бара бул процесс көбүрөөк кете баштайт. Күн же шамал булактарына караганда чакан ГЭСтердин курулушу тездейт деп ойлойм.