Ишкерлер Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаалдан улам салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча өкмөткө кайрылуу жолдошту

Автор: Жамалидин Парманкулов
SUPER.KG SUPER.KG
31 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ишкерлердин профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева өкмөткө ишкерлерди салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча кайрылуу жолдоду. Ал бүгүн, 30-октябрда берген маалымат жыйынында ишкерлер Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдан улам жапа чегип жатканы себеп болгонун айтты. Анын билдиришинче, учурда соода иштери токтоп ишкерлер чыгашага учурап жатышат.

"Чек арадагы абалга 20 күн болду. Бизде экспорт күз айларында гана жакшы болгондуктан бул аралыкта ишкерлер бир канча чыгашага учурашты. Себеби соодалар токтоп калды. Ошондуктан ишкерлерди салыктан жана социалдык төлөмдөрдөн бошотуу боюнча кайрылдым", - деди Дөөлөталиева.
 

Источник: super.kg