Ж.Акенеев: Казакстан убада кылган 100 млн долларга муктаждык жок

Автор: Чолпон Бейшелен кызы
Марал радиосу Марал радиосу
23 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстан расмий деңгээлде Казакстан ЕАЭБ алкагында бере турган 100 млн доллар каражаттан баш тартууну көздөп жатат. Бул максатта Кыргыз өкмөтү  2016-жылы Казакстан менен түзүлгөн евразиялык экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндөгү макулдашууну денонсациялоо жана 4 протоколду жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Бул тууралуу ЖМК жазышты.

Аталган келишим боюнча Казакстан кыргыз тарапка 100 млн АКШ доллар өлчөмүндө каржылык жардам көрсөтмөк. Кыргызстан тараптын баш тартуу демилгесинин себептерин экономист Жумакадыр Акенеев менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

-Кыргызстандын бул каражаттан баш тартуу демилгеси эмнеден улам келип чыкты? Башкы себеби эмнеде?

Казакстан тараптын берген бул убадасынын башы 2007-жылдарга кетет. Ошол кезде кыргыз-казак инвестициялык фонду түзүлсүн деп, ага 100млн доллар салуу боюнча милдеттенме алган. Бирок тилекке каршы ал фонд иштебей калды. Фондго акча кирген жок. Андан кийин 2012-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү тууралуу арызын бергенде, Казакстан фондго салабыз деген 100 млн долларды Кыргызстанга жардам ирээтинде беребиз деп чыгышкан.

Тагыраагы, биримдик талап кылган лабораторияларды куруу үчүн. Бул боюнча кайра башка келишимге кол коюлган. Анан эң негизгиси бул каражатты берүү боюнча 2016-жылы токтом чыгарышкан. Бирок, тилекке каршы эч кандай акча бөлүнбөй Кыргызстан тарап ветеринардык лабораторияларды өз акчабызга жабдыктарды алдык.

— Эгер Казакстан тарап бербеген болсо, сиз айткан лабораториялар кайсы каражаттын эсебинен жасалды?

Бул жерде өкмөт Жерүйдөн түшкөн каражатты жана бюджеттеги акчаны пайдаланды. Мындайча айтканда, бүгүнкү күнү баардык лаборатория даяр. Ошондуктан баш тартканыбыз туура эле болду.   

— Мындай баш тартуу Кыргызстандын экономикасына канчалык таасир берет?

Кыргызстандын мындай чечими биздин экономикага эч кандай таасири тийбейт. Бул каражат өз убагында берилип калганда чоң жардам болмок. Андай учурда келбегенден кийин, азыр эч кандай таасири деле болбойт.

-Маегиңизге рахмат! 

Источник: maralfm.kg