Бийлик намысына келди

23 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

ЕАЭБнын алкагында Казакстандан жардам катары бериле турган 100 млн доллардан Кыргызстан расмий түрдө баш тартты.  Бул боюнча келишимди денонсациялоого багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.

Казакстан тараптан жардам катары берилчү каражатка муктаждык жок экенин билдирген. Учурда ЕАЭБнын талабына ылайык, 14 лабораториянын көбү бүтүп калыптыр. Туура эле кылышат, болбосо дагы бир эргулу сугунуп кетсе жок жерден карыз болуп калабыз. Мына келе турган акчадан баш тарса болот экен го. Алмазбек Атамбаевдин акыркы учурда айткан сөздөрү көпчүлүк алдым- жуттумдардын намысына тийген окшойт. Намыстанып жардам акчадан баш тартканы караганда.

Эскерте кетсек, Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 млн доллар берүүгө макул болгон.

Источник: fakt.kg