Чек ара көйгөйүнүн таасири күйүүчү майга жетеби?

Автор: Бакыт Торогелди уулу
Марал радиосу Марал радиосу
20 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абалдан улам өлкөдө күйүүчү майга болгон баа өсүп, таңкыстык жаралышы мүмкүндүгү айтылууда. Бирок, Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда бир айга жетчү майдын запасы бар экенин айтып, кооптонууга негиз жок экенин билдирүүдө.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматында өлкөдө ар дайым күйүүчү майдын бир айга жетээрлик запасы камдалып турат. Кыргызстанда учурда ушундай эле көлөмдө май бар жана тартыштык жок. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер биримдигинин директору Улан Кулов кабарлап, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы кырдаалдын күйүүчү майды ташып келүүгө кедергиси тийбей турганын билдирди.

— Азыр күйүүчү майдын бир айлык запасы бар. Көлөмү бензин менен дизелдик майды кошкондо 84 миң тонна. Бизге май бардыгы Россиядан келет. Башка өлкөдөн келбейт. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасындагы абал таасир берген жок. Анткени май темир жол аркылуу келет.

Күйүүчү майга болгон баа сентябрь айына салыштырмалуу октябрда 10-12 пайызга чейин өскөн. Улан Кулов буга кыргыз-казак чек арасындагы абалдын тиешеси жок экенин белгилеп, аны Орусиядагы кырдаал менен байланыштырды.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурдагы жетекчиси Жумакадыр Акенеев дагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы окуядан улам баалар өстү деген пикирлерге кошула бербейт.

— Биз Казакстандан күйүүчү май албайбыз. Майдын 100 пайызын Орусиядан алабыз. Ал бизге темир жол менен келет. Ошондуктан тоскоолдук жок. Анткени темир жол жабылган жок. Эгер темир жол жабылып калса анда айтса болот эле.

Анткени менен экономист, отун энергетика жаатындагы адис Эркин Абдразаков Кыргызстан эмдиги жылкы айыл чарба талаа иштерине эмитен күйүүчү май камдай башташы керектигин эске алганда чек арадагы кырдаал терс таасирин тийгизет деп жатат. Ал өкмөт «Газпром» ишканасына гана ишеним артпай казак тарап менен тезирээк чек ара маселесинде мунасага келиш керек деген ойдо. Э.Абдразаков ошондой эле майга болгон баанын өсүшү коңшу өлкөлөрдүн чегиндеги окуяларга байланышы бар дейт.

— Кыргыз-казак чек арасында болгон окуя биздин жалпы экономикалык абалыбызга таасирин тийгизе баштады. Биз ошол эле күйүүчү жана майлоочу майлардын дээрлик 90 пайыздан көбүн Орусия менен Казакстандан алабыз. Майлар Казакстан аркылуу өтөт. Нефтетрейдерлер ассоциациясы өлкөдө майдын запасы бир айга гана жетет деп айтып жатат. Азыр майдын баасы 1-2 сомго кымбаттаганы дагы сезилүүдө.

Ушундан улам Кыргызстандын аймагындагы сырьену иштетүү маселеси көтөрүлдү. Учурда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү «Жунда» заводу иштеп жатат. Нефтетрейдерлер ассоциациясы аталган завод бир жылда 800 миң тонна күйүүчү май иштетүүгө ылайыкташканын бирок, учурда толук көлөмдө иштей электигин маалымдады.

Жалал-Абад облусунда «Кыргыз петролеум компани» ишканасы жылына 500 миң тонна күйүүчү майды өндүрүүдө. Андан сырткары Токмокто дагы бир компания 400 миң тонна көлөмдөгү май иштетип чыгууда.

Источник: maralfm.kg