Кыргызстанга өздөрү келип, акча салган инвесторлорго Макмалды иштетүүгө жолтоо болуп атабыз.
Бул тууралуу депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Жакында Тогуз-Торо районунда болуп кайттым. Ал жерде Макмал алтын кени бар. Азыр анда Кытайдан келген инвесторлор иштешет. Бирок, Кыргызстан тараптан тоскоолдукка кабылып атышат. Биз өзүбүз мүдүрүлтүп атабыз. Макмал толугу менен токтоп калса, Тогуз-Торонун акыбалы кандай болот? Алтын кендин иштөө мөөнөтү эчак эле аяктаган. Кытайлар дамба менен Кылдоо иштерин баштоого уруксат сурап атышат. Макмал токтосо азыр курулуп аткан кытай заводу кантип иштейт?» - деди депутат.