Эмнеге Казакстан Ɵмүрбек Бабановдун бийликке келүүсүнɵ кызыкдар же Бабанов Казакстандын «долбоорубу»?

12 октября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Эмне деп айтып, жазышпасын бирок Ѳмүрбек Бабановдун Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу, бул окуянын логикалык уландысынан келип чыккан Кыргызстан менен Казакстандын чек араларында түзүлгɵн кырдаал бир нерсени таасын айгинеледи. Эмнени деп атасызбы? Казак бийлиги Кыргызстандын башына айткан, дегенинен чыкпаган адамдын келүүсүнɵ, Кыргызстан Казакстандын вассалына айлануусуна кызыкдар экендигин. Акыркы болуп жаткан окуялардын баары ушундай тыянакка келүүгɵ гана негиз берет. Болбосо, биринчиден, Назарбаев Бабановду кабыл алып, аны алкап, жалкап, бүтүндɵй маалымат каражаттарынан кɵрсɵтмɵк эмес. Элбашынын мындай кадамын Бабановдун пайдасы үчүн жүргүзүлгɵн үгүт катары гана кароого болот.

Экинчиден, шайлоого шылтап Казакстандагы кыргыз жарандарына басым кɵрсɵтүү менен чек аралардагы кырдаалды жасалма курчутууга барбайт болчу. Шайлоо демекчи, ошол эле кошуналарыбыз Ɵзбекстан, Тажикстан жана Кытай шайлоону бетке кармап, чек аралардан ɵтүү процедураларын күчɵткɵн жерлери жок го! Эмне үчүн буга чейинки шайлоолордо казак тарап ɵткɵрмɵ кɵзɵмɵл пункттарындагы иш режимин күчɵткɵн эмес? Бул жагынан алганда, шайлоону бетке кармоо казак тараптын айла кеткендеги шылтоосу гана болбосо, маселенин баары башкада жатканын аңдап деле бүттүк окшойт.

Бабановду казак бийлиги балапан кезинен кантип “баккан”?

Бабановдун ɵткɵнүнɵ тыкыр саресеп салып кɵрɵ турган болсок, аны бийликке алып келүү казак бийлигинин тээ 90-жылдары башталган «долбоору» эмеспи деген ой жаралбай койбойт. Союз ыдырагандан кийин аймакта лидерлик кылгысы келген Казакстан ошондо эле ɵз адамын Кыргызстандын башына алып келүүнү максат кылганбы? Андай болсо, ал үчүн Бабанов тандалып алынган беле? Бул суроолорго жооп берүү үчүн 25-27 жаштагы Бабановдун казак жеринде нефтини кайра иштетүүчү заводдун директору болгону жɵнүндɵ сɵз кылууга туура келет.

Кɵпчүлүккɵ маалым болгондой, Бабанов бизнесин Казакстандын түштүгүндɵгү Тараз шаарында баштаган. 25 жашка жаңы толгон кыргыз жигити бир канча жыл «Арлан», «Бизнес-Оил», «Кыр-Кор» компанияларын жетектеген. Учурда «Арлан» мейманкана тармагында иш алып барса, «Бизнес-Оил» Тараз шаарын күйүүчү май менен камсыз кылып келет, ал эми «Кыр-Кор» курулуш бизнесинде иш алып барат. 1998-жылы Бабанов Кыргызстанга келгенде казакстандык «Шымкентнефтеоргсинтез» (ШНОС) компаниянын ɵкүлү болуп иштейт. КР президенттигине талапкердин андан аркы баскан жолу белгилүү. Акаевдик да, Бакиевдик да бийликтин эбин таап, кыргыз бийлиги менен казак бизнесинин ортосунда кɵпүрɵнүн милдетин аткарып келди. Анын долбоордук миссиясын аткарууга убакыт эми келип, ошол себептен казак тарап Бабановду каржылык да, саясий да жактан колдоого алып жатышабы?

Мыйзам ченемдүү суроо туулат, 25 жаштагы кыргыз жигити кантип Казакстандагы ири нефти компаниясынын директору болууга жетишти эле? Ага Казакстандын мамлекеттик органдарынын колдоосу болбосо жетише алат беле? Бабановдун ал жактагы бизнесин токтотуп, Кыргызстанга келүүсүнүн себеби анын Элбашынын долбоору болгонундабы? Назарбаевдин ɵзүнүн олигархтары аркылуу ачык да, тымызын да түрдɵ Бабановду колдоп жатышынын чыныгы себеби ушунда болуп жүрбɵсүн…

Казакстандын кɵздɵгɵнү Кыргызстандын суу ресурстарын өз колуна алуубу?

Казакстан аймакта лидер болуу дымагы бар ɵлкɵлɵрдүн анабашында турат. Андай дымагын ишке ашыруу үчүн кошуналарынын стратегиялык ресурстарына ээлик кылуу керектиги айтпаса да түшүнүктүү. Казак тарапты Кыргызстандын суу ресурсу ойлондуруп келет. Тагыраагы, Сырдарыяга (Нарын дарыясынан башталат) трансчекаралык макамын берүү маселесин буга чейин кɵтɵрүшкɵн.

Кыргызстан менен Тажикстан Казакстандагыдай углеводороддук сырьенун запастары менен мактана албайт. Бирок бул эки ɵлкɵ Борбордук Азиядагы суу ресурстарынын башында турат. Казакстан мында биргелешкен гидро энергетикалык долбоорду ишке ашырууга, айыл-чарба багытында пайдалануу үчүн суулардын мол запасына ээ болууга ɵтɵ кызыкдар. Анткени, Түркмɵнстан менен Ɵзбекстандай эле Казакстан да суу запасы тездик менен азайып бараткан ɵлкɵлɵрдүн катарына кирет. Мисалы, суунун жетишсиздигинен Казакстандагы жерлердин 66 %ы деградацияга учуроо коркунучуна кептелген. Атүгүл кээ бир окумуштуулар жер кыртыштары деградацияга учуроо жагынан Казакстан дүйнɵдɵ 1-орунда турарын белгилешкен.

Бирок Кыргызстандын суу запасы Россиянын канча пайдаланса түгɵнбɵгɵн Сибирдеги дарыяларындай эмес. ГЭСтерди үзгүлтүксүз иштетүү үчүн жайкы мезгилде сууну суу сактагычтарда топтоо менен аны кышкы мезгилде пайдаланууга аргасызбыз. Кыргызстандын энергетикалык кɵз карандысыздыгы, элди электр жарыгы менен дайыма камсыз кылуу жогоруда айткан жагдайлар менен тыгыз байланыштуу.

Ал эми Казакстан, Ɵзбекстан жана Түркмɵнстан болсо жайкы мезгилде сууну болушунча кɵп алуу менен талаалардагы эгиндерди суугарууга кызыкдар. Эгерде Сырдарыяга эл аралык макам берилсе, Казакстандын кɵктɵн издегени жерден табылгандай эле болот. Биринчиден, айыл-чарба багыты үчүн жетиштүү суу запасына ээ болот, экинчиден Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу Казакстандын макулдугусуз, капиталысыз ишке ашпай калат. Ушул себептен улам Кыргызстандын жогорку Нарын каскадына ГЭСТерди куруу аракети казак тараптын кызыкчылыгына каршы келет. Ɵзбек президентинин ГЭСтерди биргеликте куруу боюнча айтканы Казакстанга ушул себептен жаккан жок.

Демек, Нарын дарыясына трансчекаралык макам берилсе, бул Кыргызстан жападан жалгыз байлыгын, ресурсун колдон чыгарды, ага ээ болбой калды дегенди билдирет. Бабановду Нураке баш болгон казак олигархтарынын президент болуп шайланып калуусуна катуу аракеттерди кɵрүп жатышынын чыныгы себеби ушунда жатат. Анткени, бул президенттердин деңгээлинде гана чечилчү маселе. Казак бийлиги «Бабанов ɵлкɵ башына келсе, анан суу маселесин ɵзүбүз каалагандай чечсек» деп турушкан кездери.

Суу — адам баласынын жашоосу үчүн эң негизги зарыл зат экендиги белгилүү. Биз мына ушул жагынан Казакстанга караганда бай өлкөбүз. Эми ошол байлыгыбызды казак бийлиги жана олигархтары Бабановдун колу менен тартып алганы турушат. Ошондо 15-октябрда ким Бабановго добуш берсе, ал Кыргызстандын суу ресурстарын жана кен байлыктарын Казакстанга өткөрүп берүүгө макул деген добушту берип аткан боло турганын эстен чыгарбайлы.

Источник: zanoza.media