С.Исаков: Өкмөт ири өндүрүш ишканаларына колдоо көрсөтөт

Автор: Каныкей Бозгунова
Марал радиосу Марал радиосу
27 сентября 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Өкмөт аймактарга гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн өнүгүүшүнө салым кошкон ири өндүрүш ишканаларына керектүү жардам көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Ош облусунун Араван районундагы “ЮКСМ” цемент заводунун иш аракеттери менен таанышуу учурунда билдирди.

Анда өлкө башчысына ишкананын өндүрүш күчүн өнүктүрүүгө багытталгын жаңы пландар боюнча маалымат беришти.

“ЮКСМ” үчүн өндүрүштүк клинкердик линияны куруу долбоору, алдыңкы технологиялык ыкманы колдонуу менен, клинкерди кургак ыкмада өндүрүү каралган. Бул өз учурунда жылына 900 миң тоннадан ашык цемент өндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Заводдо бардык технологиялык процесстер автоматташат, ал эми процессти башкаруу тиешелүү программалык камсыздоо каражатын колдонуу менен  борбордук  башкаруу пункту аркылуу аткарылат.

Долбоорду аягына чыгаруу  2018-жылдын май айына пландаштырылууда.  Бүгүнкү  күндө долбоорду ишке ашыруу үчүн курулуштун жүрүшүндө 1000 адис жумуш орундары менен камсыз болгон.

 

Источник: maralfm.kg