Алмазбек АТАМБАЕВ: “Азыр бизнести милиция, прокуратура текшере албайт. Салык кызматы гана көзөмөлдөйт”

Обратите внимание на дату публикации.

Чолпон-Ата шаарында өлкө башчыбыз журналисттер менен кезигип, алардын суроолоруна жооп берди. Анда Кыргызстандын келечеги тууралуу узатылган суроолордун бирине өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев экономиканын негизи — бизнес жана аны жүзөгө ашырган ишкерлер экенин баса белгиледи.

Мындан улам, ишкерликке жолтоо болбош үчүн текшерүүлөр кыскартылганын билдирген өлкө башчыбыз: “Азыр бизнести милиция, прокуратура текшере албайт. Салык кызматы гана көзөмөлдөйт. Текшерүүчү органдар ишкерлердин ишмердигине тоскоолдук болбошу үчүн опол тоодой иш жасалды”, — деп билдирди. Бул Кыргызстан коңшу өлкөлөргө караганда ат чабым алдыда экенин, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү дегенди билдирет.

Источник: egemen.kg