Талап катуу болсо, иштин натыйжасы жемиштүү болот

Обратите внимание на дату публикации.

23-майда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КР өкмөтүнүн жыйынын өткөрдү.  Анда аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын 2016-жылдын 1-кварталына карата аткаруучулук тартибинин абалы боюнча маселе каралды.

«Өкмөт – мыйзамдарды аткарууну камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин башкы органы. Аны менен бирге айрым министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери аткаруучулук тартипке жана коюлган тапшырмаларды аткаруунун мониторингине жетиштүү деңгээлде көңүл бурбайт. Бул өлкөдөгү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жумалык графигин «Апта-gov.kg» электрондук ресурсуна жайгаштырууда формалдуулукту жана өздөрүнүн графигинин төмөнкү сапатын билдирет. Жарандардын кайрылууларына көңүл буруу иши жетишээрлик деңгээлде эмес. Көпчүлүк мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына негиздүү жооп бербейт же жарандардын кайрылуулары мекемеден-мекемеге жиберилет. Мисалы, Бишкек шаарынын жашоочусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна багытталган өзүнүн катына жоопту 73 күндөн кийин алган. Мындай болбошу керек», – деп билдирди анда Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы министрликтер менен ведомстволор жарандар менен иштөөгө жетишээрлик көңүл бурбай жатканын сынга алуу менен мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүсү зарыл экендигин баса белгиледи. Анын айтымында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 1776 актынын долбоору келип түшкөн, анын 545 же 30,6% демилгечилерге кайтарылган.

Ушул эле жыйында КР өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси Акылбек Осмоналиев аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын 2016-жылдын 1-кварталына карата аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маселе боюнча баяндама жасады. «Азыркы учурда документтерди аткаруу мөөнөтүн бузуу тенденциясы азайганы байкалууда. Алсак 2015-жылдын жыйынтыгында министрликтер менен ведомстволордо 5,8 пайыз нормативдик укуктук актылар мөөнөтүн бузуу менен аткарылса, 2016-жылы бул көрсөткүч 5,4 пайызды түзгөн, бул документтерди өз убагында аткарууда 0,4 пайыз көрсөткүчкө жакшырган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кайрылууларын аткаруу кырдаалы жакшырган. Эгерде 2015-жылдын жыйынтыгында коюлган мөөнөтүн бузуу 7,9 пайызды түзсө, 2016-жылдын жыйынтыгында аталган көрсөткүч 6,0 пайызга чейин азайган. Пайыздык көрсөткүч 1,9га жакшырган», – деди ал.

Бул талкууда бир катар аткаруу бийлигиндеги жетекчилердин кетирген кемчиликтери, катачылыктары ачык айтылды. Жыйынтыгында кетирген кемчиликтери үчүн Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархат Бекмамбетовдун ээлеген кызмат ордун кароо чечими кабыл алынды.

Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшеновго, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Камчыбек Акишевге, Айыл чарба тамак аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотовго эскертүү берилди. Анан дагы Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго, Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевдин дисциплиналык аткаруу милдетине болгон жоопкерчилигин кароо сунушталды.

Мындан сырткары өкмөт башчы «Айыл банктын» ишинде да бир катар кемчиликтер кетип атканын белгиледи. Эң башкысы өкмөттүн бардык мүчөлөрүнүн ишинде темирдей тартип жана жоопкерчилик болушу керек экендигин айтылды. 

 

Источник: Focus.kg