Оппозиция экономикалык өсүшкө ишенбейт

Автор: Кубанычбек Жолдошев
Азаттык уналгысы Азаттык уналгысы
Обратите внимание на дату публикации.

Өкмөт жылдык отчетун берип жатканда парламенттен тышкары оппозициячыл саясатчылар тобу өлкөнүн экономикалык абалын талкуулады.

Анда өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөрү турмуш чындыгынан алыс деп мүнөздөп, муну бюджеттин абалы оор деген тыянак менен негиздөөгө аракет кылышты.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болсо парламентте экономикалык өсүш Кумтөрдү кошпогондо 3,8 пайызды түзгөнүн жана калктын бийликке ишеними жогору экенин билдирди.

Сандар жана турмуш чындыгы

Оппозициялык саясатчылар уюштурган "Экономика: сандар жана реалдуулук" деп аталган тегерек үстөл жыйынында өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалталкууланды.

Жыйындын башында Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова өкмөт жарыялаган экономикалык көрсөткүчтөрдү анализдеген баяндама жасады. Баяндама "Кыргызстан эмнеге жакырланды?" деп аталып, негизинен өлкөнүн экономикасын башкаруу көйгөйүн көтөрдү.

Элмира Ибраимова экономикада өсүш болуп жатса, анда эмнеге бюджет тартыш деген суроону кабыргасынан койду:

Расмий сандарды мисал келтирейин. Экономиканын негизги тармактары болгон өнөр жай 5 пайызга, курулуш 7 пайызга өскөн. Бирок бюджеттин киреше бөлүгү 2015-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызды түзүп жатат. Анда ошол өсүштөн түшчү акча кайда? Ал кооз сандар кээде ошентип суроо белгилерине айланып калат. Баарынан кызыгы бюджеттин жалпы чыгашасында мамлекеттик кызматтын, коргоо жана коопсуздук тармактарынын үлүштөрү өскөн. Ошол эле кезде социалдык тармактын чыгымдары кыскарган. Өткөн 2016-жылдын бюджети өлкөнү жакырланткан бюджет болду.

Эсеп палатасынын мурдагы төрайымынын "экономикада өсүш болсо, анда эмнеге бюджеттин кирешеси көбөйгөн жок" деген суроосуна жооп алуу үчүн Экономика министрлигине кайрылдык. Бирок экономика министринин биринчи орун басары Алмаз Сазбаков иш сапарда экенин айтып, бул суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Баис Касымбеков алардын экономикалык көрсөткүчтөр боюнча берген расмий маалыматтары так деп ишендирди:

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга ар кандай факторлор таасир этиши мүмкүн. Салык же болбосо бажы жыйымдары азыраак чогулуп калышы ыктымал. Биздин экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалыматтар так, анык жана расмий. Ал материалдардын аныктыгына өзүбүз жооп беребиз. Биз ар кайсы тараптан колу коюлуп, мөөр басылып келген маалыматтарды топтоштуруп, жыйынтыгын гана чыгарабыз. Ага биз кошумча же алымча киргизе албайбыз. Аларды эсептеп чыгуунун өзүнүн эл аралык стандарты бар.

Салыштыруудагы айырмачылык

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров өкмөт чыныгы турмуштан алыс экономикалык өсүштөр тууралуу куру сөздүн ордуна, артка кетүүнү моюнга алууга тийиш деп эсептейт. Адахан Мадумаров азыркы учурдагы өлкөнүн экономикалык абалын коңшу өлкөлөрдүн бири менен салыштырды:

Кыргызстан азыркы учурда экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жарандык согушту башынан кечирген Тажикстандан артта калды. Биз азыр экономикалык рейтинг боюнча 115-орунга түштүк. "Бардыгы бизге суктанып, тамшанып жатат" деп курулай эле мактана бергендин кесепети ушул. Азыр бизде орточо пенсия канча? Эттин, ундун, нандын, майдын жана ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү буюмдардын баасы 2010-жылы канча эле? Электр энергиясынын баасы канча эле? Жети жыл өткөндөн кийин алардын баасы канча болду? Жашоо-шарты кандай өзгөрдү? Бул жерде жөн эле мына ошол сандарды салыштырып көрүп, жыйынтык чыгаргыла. Анан биз чын эле жыргап же артка кеттикпи, ошондо чындыгын түшүнөсүңөр.

Анткен менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-апрелде парламентте отчет берип жатып, 2016-жылы өкмөттүн программасы 90 пайызга аткарылганы тууралуу билдирди.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишинин жыйынтыгы катары былтыртан бери курулуш иштеринин күрдөлдүү жүрүп жатканын мисал келтирди:

Былтыр биз 278 социалдык объекттердин курулушун баштадык. Кыргызстанда биринчи жолу 5 миллиард 200 миллион сом капиталдык салымдарга киргиздик. Буга чейин мындай болгон эмес. Ошолордун ичинен 77 мектепти бүтүрүп, тапшырдык. Жалпысынан 97 объектти ишке киргиздик.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков экономикадагы өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн келген инвестициянын көлөмү 40% түзгөнүн, экспорт 5,1% көбөйгөнүн, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга келчү чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% төмөндөгөнүн айтты. Ошону менен катар премьер-министр калктын өкмөткө ишеними 2015-жылга салыштырганда 5,8 баллга жогорулаганын белгиледи.

Источник: Азаттык уналгысы