Ош аэропортун башка жерге жылдыруу каралууда

Автор: Анара Бактыбекова
Марал радиосу Марал радиосу
21 февраля 2017
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Ошто эл аралык аэропорту башка жайга жылдырылат. Бул тууралуу ЖК депутаты Искендер Матраимов 20-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушууда билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутат Ош эл аралык аэропортун жылдыруу боюнча долбоор иштелип жатканын маалымдады.

Анын айтымында, Ош эл аралык аэропорту бүгүнкү замандын талабына жооп бербейт. Андыктан, жаңы аба майданын курууга Мады айыл өкмөтүнөн 500 гектар жер табылган.

Кошумчалай кетсек, Ош аэропорту 1962-жылы курулган. Саатына 200 адамды тейлөөгө ылайыкташылган.

Бүгүнкү күндө учак кызматын колдонгондор көп болгондуктан, 2-3 күн туман түшсө аэропортко жүргүнчүлөр батпай кетип жатат. Мындай учурларда жарандарга жакшы сервис көрсөтүлбөй калган учурлар болууда. Азыркы өнүккөн шартта чет өлкөлөрдөгүдөй мыкты тейлөө жүргүзүлгөн заманбап аэропорт болушу керек. Бул маселе боюнча депутат Матраимовдун төрагалыгы астында комиссия иштеп жатат.

Источник: maralfm.kg