Атамбаев баштаган иш уланышы керек, - президент А.Атамбаев

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Биз күч органдарында иштегендерге көбүрөөк камкордук көрүшүбүз керек, деди президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак үйлөрдүн ачкычтарын тапшыруу салтанатында.
Анткени, анын айтымында, алар күн сайын кызмат учурунда өмүрлөрүн тобокелге салышат, ал эми үй-бүлөлөрү алардын кечинде аман-эсен үйгө кайтып келерин, же келбесин билишпейт.
«Ошондуктан биз чек арачыларга жана күч органдарынын кызматкерлерине өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз алардын, өзгөчө милиция кызматкерлеринин алдында карыздарбыз деп эсептейм. 2005-жылы да, 2010-жылы да мурдагы ууру бийликтер милицияны жана башка күч органдарынын кызматкерлерин элдин ур-токмогуна калтырышып, революциялардын учурунда биз өз милдетин, ишин аткарышкан айрым кызматкерлерден айрылып калдык. Мындан ары эч убакта биз Кыргызстанды уурулар башкаруусуна жол бербешибиз керек. Бийлик өз элине кызмат кылууга тийиш», - деди А.Атамбаев.
Мамлекет башчысы 2011-жылы милиционерлер үчүн турак жай куруу маселеси алгач талкууланганда мунун баары жомоктой сезилгенин моюнга алды.
«Бул үйлөрдүн тушуна милиция кызматкерлери үчүн дагы үч үй курулат. Өлкө милиционерлердин алдында карыздар. Андыктан Атамбаев баштаган бул иш уланышы керек. Эгерде кийинки жетекчилик бул жолдон тайса, мен биринчи каршы чыгам, унчукпай калбайм. Мен спикер да, премьер-министр да болбойм, бирок, ар дайым өз пикиримди айтам. Мага кулак салышат деп үмүттөнөм», - деди ал.
 

Источник: Баракелде