Өкмөт башчы өлкөдөгү коомдук-саясий абал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

11 октября 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-октябрда өлкөдөгү коомдук-саясий абал маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеге биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдиль Сегизбаев катышты.
Жыйында КР Коргоо кеңешинин ушул жылдын 4-июлундагы чечимин аткаруу алкагында республиканын укук коргоо тутумун реформалоо маселеси, ошондой эле өлкөдөгү жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
 

Источник: Баракелде-Турмуш