Чек арадагы ветеринардык көзөмөл качан алынаары белгисиз

Автор: Бакыт Торогелди уулу
Марал радиосу Марал радиосу
24 августа 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз өкмөтү 1-августтан тарта чек арадагы ветеринардык көзөмөл алынып Кыргызстандан өндүрүлгөн эт, сүт азыктар Евразия экономикалык базарына эркин кирет деп убада кылган. Деген менен ушуга чейин Казакстан тарап чек арадагы веткөзөмөлдү албай келет.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болгонуна бир жыл убакыт болсо да Казакстан ушуга чейин чек арадагы ветеринардык көзөмөлдү ала элек. Кыргыз өкмөтү болсо 1-августтан тарта веткөзөмөл жоюлуп эт, сүт азыктары Евразия экономикалык биримдигинин базарына тоскоолдуксуз сатыларын убада кылган. Деген менен кыргыз тараптын биримдикке кирүүдөгү начар даярдыгынан улам ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукциясына чектөөлөр дагы деле бар. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев веткөзөмөлдү алуу маселеси ЕАЭБге мүчө өлкөлөр катышкан ири жыйындарда сөз болгону менен маселе ачык бойдон калып жатканына токтолду.

— Биздеги эң чоң жумуштар — бул малдарды идентификациялоо, вакцинациялоо иштери. Каражаттын жетишсиздигинен идентификация токтоп турат. Казакстан болсо чек арадагы веткөзөмөлдү алуу үчүн Кыргызстандын системасына аудит жүргүзүүнү талап кылып атат. 12-августта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Сочиде өткөн жыйында жолукканда жана Москвада өткөн чогулушта да бул маселе чечилген жок.     

Чодуев кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөлдүн алынбай жатышын малдарды идентификациялоо иштери менен байланыштырды. Талдоочулар болсо учурдагы жагдайга кыргыз өкмөтүнүн чабал аракети себеп болууда деп айыпташууда. Анткени Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган лабораториялар жокко эссе. Бирок, Орусия демөөрчү болуп аларды курууга каражат бергени менен өкмөт ушуга чейин көзгө көрүнөөрлүк иш жасай элек дейт айыл-чарба жаатындагы экспертЖамин Акималиев.

— Кыргызстан биримдикке киргенде кандай болсо ошол эле бойдон турабыз. Даярдык деген такыр эле жок. Мына Орусия лаборатория кургула деп 100 млн. доллар берген. Андан кийин орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ачылды. Бирок азыркыга чейин лабораториялар курулбай жатпайбы. Ага Айыл-чарба министрлиги менен Ветеринардык коопсуздук боюнча инспекция күнөөлүү. Негизи ушул эки мекемени бириктирип эле салыш керек болчу.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумакановөкмөт каражатты туура пайдаланбай жатат деген сынды четке какты. Ал Кыргызстанда 28 лаборатория бар болгону менен аларда шарттардын жоктугуна токтолуп, маселелер чечилип жатканын кабарлады.

— Биз бир жылдын ичинде айрым лабораторияды оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Алар азыр такыр башкача болуп калды. Негизи Кыргызстанга 28 лаборатория кереги жок. Жакшы жабдылган 7-8 өө болсо эле жетет. Бизге 37 млн. сом бөлүнгөн анын жарымын ошол  лабораторияларды калыбына келтирүү иштерине жумшалат. Андан сырткары жабдуулар үчүн дагы 10 млн. сом бөлүндү. Ошондой эле Орусиядан да кошумча жабдыктар келет. Анын негизинде эмдиги жылдын жарымына чейин бардык шарттары түзүлүп калат.

Андан сырткары айыл-чарба азыктарына чектөө алынганы менен казак тарап чек арадан аларды дагы өткөрбөй койгон учурлар бар. Маселен 4-майда Казакстандын Айыл чарба министрлиги Кыргызстандан барган картошкада илдет бар деген жүйө менен аны алып кирүүгө тыюу салган. Июнь айындагы Астанада өткөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн саммитинде кыргыз президенти картошка маселесин көтөргөндөн кийин гана чектөөлөр алынган эле.

Источник: maralfm.kg