ӨКМ: Аба-ырайы боюнча эскертүүлөргө жарандар сөзсүз маани бериши керек

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июлдан 31-июлга чейин аба-ырайы жаанчыл болуп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Мындай шашылыш билдирүүлөрдү министрлик “адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында” деп түшүндүрүп, жергиликтүү бийликтен тарта мобилдик телефон кызматтары аркылуу ар бир жаранга жеткирүүгө аракет кылат. Быйылкы жылдын жаанчыл болгону сел кырсыктары көп катталды. Такталган маалыматтар боюнча өлкө аймагында 81 ирет сел түшүп, анын кесепетинен 6 адам каза тапкан. Айрым учурда район, облус, өлкө борбору менен байланыштырган негизги унаа жолдору бөгөлүп калып, жол ачылганча сааттап жүргүнчүлөр күтүп калган учурлар болду.

Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдар башкаруу борборунун ыкчам нөөмөт кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Рустам Осмонов кайрылып, алдынала берилген эскертүүлөргө коомчулукта кандай маани беришет? Айталы узак жолго чыгып жаткандар алдынала кайрылып, тактап, сактануу аракеттерин көрөбү деген суроо узатык.

Рустам Осмонов: Биздин министрликтин алдында гидрометеорология агенттиги бар. Бул мекеме ошол шашылыш билдирүүлөрдү берет. Мисалы, акыркы билдирүүнү алар 25-июнда беришти. Анда “28-июлдан 31-июлга чейин аба-ырайы жаанчыл болуп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүндүгү” айтылган. Биз бул билдирүүнүн негизинде телефонограмма даярдап, жер-жерлердеги жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткиребиз. Андан сырткары элдин баарына жеткирүү максатында уюлдук операторлор аркылуу СМС билдирүүлөр жөнөтүп жатабыз. Массалык малымат каржаттары аркылуу дагы айтылат. Ушул билдирүүлөрдүн негизинде жарандык коргоо кызматтары өз техникаларын даярдыкка келтирип, сел жүрүү коркунуч бар аймактарда алдын алуу иштерин жүргүзөт, суу жээктериндеги дамбалардын абалын карашат.

Айбек Абдылдаев: Эми ушундай эскертүүлөргө жергиликтүү бийлик, сиз айткандай жарандык коргонуу кызматтары албетте маани берип өз аракеттерин көрсө керек. Бирок жөнжай тургундар маани беришеби? Маселен, узак жолго чыккандар сиздердин кызматтарга чалып, тактап дегендей, сактануу маданияты канчалык?

Рустам Осмонов: Берилген маалыматтарга кенебей, эми “жаамгыр жаайт же жаабайт, булар айта берет” дегендей мамиле кылбаш керек. Булар дагы бирдемеге таянып айтып жатат деп, олутту карасак. Гидрометеорология агенттигинин аба-ырайы боюнча берген маалыматтары так болуп жатат. Дээрлик 95 пайызга так берилип жатат. Ошондуктан сиз айткандай узак жолго чыкса кайсыл жерлерде сел кырсыгы болушу мүмкүндүгүн билип алса, кырсыктардан оолак болгонго сөзсүз таасири болот.

Айбек Абдылдаев: Жарандар ушундай билдирүүлөрдөн кийин тактап чалып, байланышкан учурлар көп элеби?

Рустам Осмонов: Күнү-түнү мына ушул жерде нөөмөтчүлөргө чалса болот. Бизде 112 номери иштейт. Ошолордон маалымат алып, бардык суроолоруна жооп алса болот. Азыркы учурда элде жандануу бар. Ушул номерлерге чалып, “жолго чыгып жатам, кандай болот” деп сурагандар көп эле болуп калды. Кээ бир учурда айылдарда суу өтүүчү арыктар толуп калгандыктан катуу жамгырдан кийинки сел короо-сарайларды каптап кеткен учурлар бар. Шашылыш билдирүүлөрдөн кийин жергиликтүү эл деле ошондой суу келе турган, сел жүрүшү мүмкүн болгон арыктарды тазалап турса жакшы болот эле. Бул боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келатат.

Источник: Кыргызская служба ВВС