Э. Абдразаков: «Өзбекстандын ГЭСтерди курууга каршылыгында геосаясат жатат»

Автор: Диналиана Жунушева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Өзбекстан Тажикстандын Рогун ГЭСин  куруу  пландарына кайрадан  кабатыр. Мындай  пикирин  билдирип, өзбек өкмөтү тажик  бийлигине  кат жөнөттү.  Анда Рогун ГЭСин куруу бүтүндөй Борбор Азия аймагына коркунуч келтирери  белгиленген. Ошондой эле катта, Рогун ГЭСин куруу бүтүндөй Борбор Азия аймагына коркунуч келтирерин,  Тажикистан электр энергиясындагы  тартыштыкты Рогун  ГЭСинин  курулушусуз  эле  чечип алаары  белгилеген.   Бирок, тажик бийлиги расмий  түрдө  кат  тууралуу пикир  билдире  элек.    Ал арада  талдоочулар Рогун ГЭСи боюнча   Өзбекстандын   позициясы тажик  бийлиги  үчүн күтүүсүз деле эмес  экенин белгилешет.  Анткени , Өзбекстан башынан тартып эле Кыргызстандын Камбар Ата-1, Тажикстандын Рогун ГЭСтеринин курулушуна   каршы чыгып келатат. Алардын тынсыздануусуна караганда, эгерде эки ГЭС тең  курулуп бүтүп, ишке кирсе, анда Амударыя жана Сырдарыя  өзөндөрү тез эле соолуйт. Демек, Өзбекстан  сугат суусуз калат. Өзбек бийлигинин тынчысыздануусуна  канчалык негиз бар? Бул теманы Энергетика тармагындагы адис, экономист Эркин Абдразаков менен бирге талкууладык.

— Борбор Азия өлкөлөрүнөн гидроэнергетикалык потенциалы жогору мамлекеттер Кыргызстан менен Тажикстан ГЭСтерди куруу менен экономикасын өнүктүрүүгө далалат кылып келет. Негизи эле ГЭСтер мамлекет жана калк үчүн эмнеси менен пайдалуу?

— Маселен, Кыргызстанда суу энергетика ресурсунун эсебинен биз 14 млрд кВт/саат электр энергияны өндүрүп алганга жетишебиз. Өзүбүзгө 12 млрдын алып коюп, 2,5 – 3 кВт/саатты башкаларга сатсак, бюджетке кошумча каражат түшмөк. Күндөн-күнгө өнөр-жай потенциалы, курулуш сектору дагы өнүгүп жатат. Алардын барын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздаганга өзүбүздүн күчүбүз жетип калат эле. Мына ушул жагынан алганда электр энергия бизге приоритеттүү. Тажикстанга караганда биздин шартыбыз башкачараак. Анткени ал өлкөдө акча тартыштыгы, же башка ушул сыяктуу маселелерге карабай, эл өзү жапа тырмак акча чогултуп жатпайбы. Негизи ГЭС куруу демилгелери колдоого алынаарлык. Бирок, Өзбекстан эмнегедир таптакыр тескери саясатты жүргүзүп, башка өлкөнүн ички иштерине да кийлигишип кетип жатат. Ушул өкүнүчтүү болуп жатат.

— Өзбекстан Рогун ГЭСинин курулушу боюнча тажик бийлигине кайрадан нааразылыгын билдирип чыкты. Өзбекстандын билдирүүсү боюнча, Рогун ГЭСи менен Кыргызстандагы Камбар-Ата — 1  ГЭСтери  курулуп бүтүп, ишке кирсе, анда  Амударыя жана Сырдарыя  өзөндөрү тез эле соолуйт. Демек, Өзбекстан  сугат суусуз калат. Бул кооптонуу канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

— ГЭС курулса ал толук кандуу суунун баарын ичип же башка жакка кетирбейт. Нарын дарыясынын суусу деле ошол жакка кетип жатпайбы. Эгерде бир линияны куруп, шакекчеге айлантып алып, техникалык жактан пайдаланып, мурунку агып жаткан агымды аз коё берип жаткан болсо, анда бул башка маселе. Азыр сууну өзүнө буруп алып, башкаларга бербестен иш жүргүзө турчу технология жок менин билишимче. Бул кооптонууга жатпайт. Борбор Азиядагы эң ири өлкө катары бардык ишке киришип, кожоюндук кылганы өкүндүрүп жатат. Кыргызстан суунун баарын ээлеп алган жери жок. Эл аралык нормага ылайык берип жатат. Керек болсо ашыгы менен берип жатат десем болот. Ошол жагын эске алышы керек эле. Биздин дипломаттарыбыз, адистерибиз жакшылап үн чыгарып, ушуларга тастыктап бере албай келе жаткандыгы өкүнүчтүү деп эсептейм.

— Буга чейин тажик тарап Өзбекстандын нааразычылыгын  басуу  үчүн Бүткүл Дүйнөлүк  Банк менен биргеликте Франция, Италия, Германия, Швейцария жана башка өлкөлөрдөн эксперттерди чакыртып, ГЭСке техникалык жана  экологиялык  экспертиза  жасаткан. Экспертизанын  корутундусунда Рогун ГЭСи коопсуз жана экономикалык жактан пайдалуу  деп  табылган. Бирок, Өзбекстан буга да көнбөй жатат. Буга ал өлкө келтирип жаткан жүйөөдөн башка да маселелер барбы?

— Бул жакта геосаясат жатат. Анткени Тажикстандын CASA-1000 долбооруна чыкканга мүмкүнчүлүгү болуп калып атат. Өзбекстандын өзүндө өндүрүлгөн электр энергиянын баасы өтө эле кымбат. Эгер Тажикстан CASA-1000 долбоорун ишке ашырып ала турган болсо өзүнүн бюджетин жакшы эле толтуруп алууга мүмкүнчүлүгү болот. Экинчиден, энергетикалык жактан алганда өзүн толук камсыз кылып, башка өлкөлөргө сатканга да ээ болот. Ал эми Өзбекстан өзү Тажикстандын территориясы аркылуу гана Афганистан, Пакистан, Индия деген өлкөлөргө чыгышы мүмкүн. Мына ушул жагынан алганда дагы, Өзбекстан бул шакекчеге кошулбай калып, Тажикстанга басым көрсөтүп жатканы ачык эле көрүнүп калды. Бул геосаясат деген маселеге барып такалат.

— Рогун ГЭСи совет кезинен бери  курулуп  бүтпөй келе жаткан обьектилердин бири экени маалым. Анткени станциянын   курулушу 1976-жылы эле башталып, союз таркагандан  кийин токтоп калган. Кырк  жылга чукул убакыт  токтоп турган ГЭСтин курулушу жанданып, тажик өкмөтү  италиялык комания менен келишим түздү.  Компания 2018-жылы Рогун ГЭСинин алгачкы эки агрегаты ишке берилет деп ишендирүүдө. Ал эми Кыргызстандагы Камбар-Ата – 1 менен Жогорку Нарын каскад ГЭСтерин алсак, башталганына көп убакыт болсо дагы азыркыга чейин эмне болгонун көпчүлүк билсе керек. Алар дагы Рогун ГЭСинин тагдырын кайталап калбайбы?

— Кооптулук жаратышы мүмкүн. Орусия менен Өзбекстандын мамилеси жакшы жакка өзгөргөнсүп турат. Путиндин Ташкентке, расмий Ташкенттин Москвага барышы, көптөгөн эл аралык долбоорлорго катыша баштаганынан, эки өлкөнүн ымаласынын жакшы позитивдүү жакка жылганынан билсек болот. Орусиялык компания менен Кыргызстан денонсацияга баруу менен шашылыш кадам жасады деп ойлойм. Орусия менен келишимди туура түзүп, коррупциялык жолду жоюп көрсөткөндүн ордуна биздикилер тигил өлкөнү кайра күнөөлөп коюшту. Кыргызча айтканда, өзүбүз кылгылыкты кылып коюп, күнөөлүүнү таап койгонубуз этикага да жатпайт. Алар Кыргызстандын энергетика жаатында тажрыйбасы жоктугун көрүп туруп ачык айтпаса дагы дипломатиялык тилде өзүнүн ишаратын билдирип койду десек болот. Эгер Рогун ишке ашып кете турган болсо, анда Кыргызстанга сөзсүз түрдө инвестор келерине ишенем.

— Маегиңизге рахмат!

Источник: maralfm.kg