А. Шыкмаматов: “Биздеги Милдеттүү камсыздандыруу элди тоноо, ошондуктан аны колдобоого чакырам”

Автор: Канай Анаркулов
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов автоунаа жана үйлөрдү милдеттүү камсыздандырууну 2020-жылга чейин токтотуу зарылдыгын дагы бир ирээт эскертип, бүгүн, 6-июнда маалымат жыйын өткөрдү. Анын айтымында, жакында эле Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети бул сунушту четке какты. Эми алдыдагы Парламенттик жыйында жалпы депутаттар да милдеттүү камсыздандырууну жылдырууга каршы болушса, бул мыйзам күчүнө кирет. Ошондуктан коомчулукка кайрылып жатканын депутат маалымдады.

Шыкмаматов белгилегендей, автоунааларды камсыздандырууда жеке менчик камсыздандыруу компанияларынын кызыкчылыктарын коргогон гана кадамдар жасалууда. Элдин укугу экинчи орунда калды.

- Дүйнөлүк тажрыйбада кокус жаран жол кырсыгына кабылса, камсыздандыруучуну чакырып, автоунаасынын ачкычын берип кетип калат. А бизде камсыздандыруучулар эмес, өзүң күнөөсүз экеңиңди далилдеп, атайын аныктама, документтерди чогултуп бүтмөйүнчө карашпайт экен. Анысы канча убакыт созулаарын ким билет? Эгер Суусамырда кырсык болсо, ошол жакка жетип келишеби. Майыптардын укугу өзүнчө каралбаптыр. Бүгүнкү күндө калк дагы, өкмөт дагы автоунааларды камсыздандырууга даяр эмес. Каржы каатчылыгы менен баалар өсүп жаткан маалда автоунааларды камсыздандыруу элдин мойнуна түшкөн жүк болот. Ал үчүн элдин да турмушу оңолушу абзел.

Ал эми турак жай боюнча мыйзамга токтолгон Шыкмаматов, турак жайларды камсыздандырууну мамлекет өзүнө алышы керек экенин айтып, андагы кемчилиткерди санап берди. Бул жерде жөн гана элден акча сыгуу болуп жатканын атамекенчи белгиледи.

- Турак жайларды камсыздандырууга каршы эмеспиз. Болгону аны мамлекет өз колуна алышы керек. Бул кыргыздын ашар деген менталитетине да ылайык келет. Ал эми жеке компаниялардын талаптарын карасаңар. Так ошол сен жашаган жерде жер титирегенде 6 балл болушу абзел. Андан аз болуп калса, чыгымды төлөп бербейт. Азыр 4,5 баллдан эле кырсыктар жаралууда. Шамалдын ылдамдыгы 25 секунд, сел жүрсө 60 % таш болушу, жаан жааса 12 саат тынбай жаашы керек экен. Анан да кызыгы ушунун баарын өзүң далилдөөгө милдеттүүсүң. Бул эмне дегендик. Жогорудагы талаптар эптеп камсыздандырууну кылбай, жеке компаниялар акча чогулта берсин дегенди көрсөтүп турат.

Камсыздандыруу ишинде айрым чиновниктердин кызыкчылыгы ойноп, алар катуу колдоого алып жатканын айткан депутат, 8-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыныда бул маселе каралаарын жана жарандар өз жашоосуна кайдыгер карабай депутаттарга үндөрүн жеткизүүгө көмөкчү болууга чакырды.

Кошумчалай кетсек, Милдеттүү камсыздандыруу ушул жылдын 7-февралынан тартып күчүнө кирген. Автоунаа ээлери камсыздандырууну 1-майга чейин алышы керек болчу. Бирок, КР Өкмөтү тарабынан автоунааларды камсыздандыруу полиси жокторго айыппул салууну 2018-жылдын 1-январына чейин жылдыруу боюнча чечим кабыл алынган.

Источник: maralfm.kg