Сузакта жергиликтүү гиластын вареньелери экспортко чыкты

Автор: Элиза Акжолтоева
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Сузак районунун тургуну Рашид Бостонов Кара-Дарыя айылында кайрак жерин өздөштүрүп, 18га аянтка кокон гиластын көчөтүн эгип бакка айланткан. Кокон гилас чиенин жакын тууганы, ал б.з.ч 8миң жыл мурун Жер ортолук деңиз аймагында пайда болгон. 1913-20-жылдары Баткен обулусунун Кадамжай районунун алып сатарлары гиласты алып келип, Коконго сата баштаган. Аталышы да кокон гилосдеп аталып, алгач Кадамжайда өстүрүлгөн
Рашид Бостонов- жеке ишкер “Гисластын түрүн өстүрүү менен ушул аймак гиластын вареньесин, ширесин чыгарган аймак катары таанылса деген тилегим бар”

Кайракы жерди өздөштүрүүдө багбан тамчылатып сугаруу ыкмасын колдонгон. Кокон гиластын алгачкы түшүмүн ишкер чет өлкөгө гана экспорттогон. Бирок көп узабай мөмөсү чирип керектен чыккандыктан, ишкер маркум апасынан атынан Чолпон деген аталыштагы чакан кыям, шире жана джем чыгаруучу ишкана ачкан.

“Жылда жөн гана гиласты бышканда коробкага салып коңшу өлкөлөргө экспорточумун, бирок бара-бара чирип кирешем артка кете баштады. Чакан завод ачпасам болбойт деп, маркум апамдын наамынан ачтым. Учурда кайра иштетип сезонунда гиластан варенье жасап жатабыз”- деди жеке ишкер Рашид Бостонов

Айтбү Оморкулова 32 жашта, ал айыл жергесинде жумуш орду жок болгондуктан аталган ишканага жумушка орношкон, 10миңден ашуун айлык маянасы менен 4 баласын багууда. Иш убактысы эртең менен 08:00- 20:00гө чейин.

“Жумушчулар бактан терип биз алып келип берет, биз жууп ар идишке салып, буулап кайнатабыз. Ишкана ачылып абдан жакшы болду, анткени жумушсуз жарандар иш оруну менен камсыз болушту”-дейт Айтбү айым

Гиласты бактан теримчилер терип келет, ишканада жумушчулар жууп, 100 градуска чейин кайнатылган соң 350гр, 900гр банкаларга куюлат деди технолог Айгүл Бостонова: “Алгач 100градуста кайнатабыз, андан соң банкаларга куюп, андан соң темир идишке салып автоклавдан пастеризациядан өтөт. Он күн сактоочу жайда сактап, андан кийин сатыкка чыгарабыз”

"Чолпон" ишканасы Кыргызстанда чакан жана орто бизнести колдоо үчүн түзүлгөн Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан 8млн сом насыя алган. Учурда кыям чыгарылса, эки айдан соң томат пастасы жана туздалган бадырандардын консервасын чыгара баштайт. Аталган продукцияларды экспорттоодо өндүрүштүн сырткы көрүнүшү талапка жооп берүүсү үчүн ишкерлерди окутуудабыз дейт облустун өкүлү Жумагүл Эгембердиева:

“Ишкерлердин биринчи көйгөйү, алган насыянын мөөнөтүн узартууну суранып жатышат, бул жаатта да өкмөткө сунуш берип жатабыз. Экинчи маселе өндүрүштүн товардык көркүн жакшы карап, идиштерге таза салып, стандарка жооп берсе экспорттоого оңой болмок”

Германия Эл аралык кызматташтык уюмунун өкүлү (GIZ), «Жалал-Абад обласунун экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү» долбоорунун координатору Эллен Михелдин айтымында 2016-2019-жылдарга чейин эсептелген «Жалал-Абад областынын экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү» долбоору иштеп жатат. Эллен айым Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун айыл аймактарында кошумча жумуш орундарын түзүү жана кирешени арттыруу жолу менен экономикалык туруктуу өсүүнү камсыз кылуу долбоорунун алкагында гилас кыямдарын экспорттоого көмөк көрсөтөбүз дейт.

Эллен Михель Германия эл аралык кызматташтык уюмунун өкүлү

Долбоор КРнын экономика министрлигинин саясий өнөктөштүгү аркасында Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, Германия кызматташтык эл аралык уюмунун (GIZ) каржылоосу менен ишке ашырылат. Кошумча жумуш орундарын камсыз кылуу жана киреше табуунун аркасында экономикалык туруктуу өннүгүүнү камсыздоо багытындагы долбоорду турмушка ашырууда ар тараптуу колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз.

Аталган ишканада учурда 15 жумушчу иш алып барууда. Гиластан жасалган кыям, шире жана джемдер Кыргызстандын аймагына таратылып андан соң коңшу өлкөлөргө экспорттолот. 

Источник: maralfm.kg