Депутат К.Рыспаев премьер-министр С.Жээнбековдон Кумтөр боюнча жеке позициясын сурады

Обратите внимание на дату публикации.

Turmush  Депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) бүгүн, 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрСооронбай Жээнбековдон Кумтөр боюнча жеке позициясын сурады.

«Кумтөр боюнча, сиздин мамилеңиз, сиздин көз карашыңыз кандай жана өкмөттүн позициясы кандай болот? Биз өкмөттөн ушул маселени кароону, өзүнүн пикирин билдирүүнү суранабыз, маанилүү маселелер көп», - деди ал.

Ага С.Жээнбеков, бул маселе ал ЖКнын 1-чакырылышында депутат болгондон 20 жылдан бери чечилбей келе жатканын айтты.

«20 жылдан бери Кумтөрдүн айланасында кайра кайра эле проблемалар көтөрүлүп келе жатат. Туура эмес макулдашуу кабыл алынган, жана биз бул макулдашуунун күбөлөрүбүз. Азыр маселени иликтейм, бул маселе көзөмөлгө алынды, жакынкы аралыкта чечилет деп ойлойм. Саясат алмашканда, экономика саясатташканда, ушул токтотулса жаман болбойт эле», - деди ал.

Ошондой эле К.Рыспаев, Улуттук энергетикалык холдинг кандай иштээрине кызыкты, анткени маселелер бар.

С.Жээнбеков, холдинг иштеши керектигин жана ишти аягына чыгаруу зарылдыгын билдирди.

 

Источник: Баракелде-Турмуш