Туризм тармагы кыргыз-орус фонду каржылай турган приоритеттүү тармактардын тизмегине кирди

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн 29-февралда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин отурумуна кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башчысы Нурсулуу Ахметова келип, аталган фонддун жасап аткан иштери тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында Кыргызстандагы туризм тармагы да аталган фонддун каржылоосуна алына турган приоритеттүү тармактардын тизмесине кирди. Кыргыз-орус фонду колдоого алган биринчи долбоор – бул тоок чарбачылыгын өнүктүрүү жана мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытына арналган. Бул үчүн фонддон 7 миллион доллар бөлүнгөн. «Баасы 9 миллион доллар болгон экинчи долбоор текстиль тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Мындан сырткары биз Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортун модернизациялоого жана учуунун коопсуздугун камсыздоо, туристтердин агымын көбөйтүү үчүн «Кыргызаэронавигациянын» жабдууларын жаңыртууга 4 миллион доллар бөлдүк» дейт Нурсулуу Ахметова. Буга улай эле ал мындан ары турзим сферасына айыл-чарбасы сыяктуу эле приоритет бериле тургандыгын кошумчалады. Фонддун жасап аткан ишинин дагы бир маанилүү жагдайы кредиттерди төлөөнүн мөөнөттөрүн узартууга барып жаткандарында. Мисалы, эми мындан ары ири өндүрүштүк жана турак-жай компаниялары үчүн 15 жыл, өнөржайчылар жана айыл-чарба ишканалары үчүн 10 жылга чейин, ал эми башка коммерциялык долбоорлор үчүн кредиттер 7 жылга чейинки убакытка берилмекчи. Кредит менен камсыз кылууда талап кылынган минималдуу сумма 3 миллиондон 1,5 миллионго төмөндөдү, ал эми өздүк салым үчүн талап кылынган 20 пайыз эми мындан ары 15 пайызды түзөт. Ошондой эле россиялык инвесторлор, башка чет элдик ишкерлердей эле Кыргызстанда бизнес ачкан күндө гана фонддон каражат ала алышат. Нурсулуу Ахметова депутаттардын суранычы боюнча фонд медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү да каржылоого алынуучу тармактардын катарына кошуу маселеси карала тургандыгын билдирди. Бирок ал үчүн бир талап болот, жеке клиникалар тараптан экономикага салым кошула турган болсо гана…

Источник: Focus.kg