Сырткы карызы 155,6 миллиард долларды чапчыган Казакстан, же ар бир казакстандыктын мойнундагы 8 миң доллар карыз

12 февраля 2016
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Үстүбүздөгү 2016-жыл Казакстан үчүн өтө оор жыл болушу күтүлүүдө. Буга учурда дүйнө мамлекеттеринин эсин оодарып аткан экономикалык кризис гана себеп эмес. Башка орчундуу себеби бар. Ал себеп – ушул жылдан тарта Казакстан чет мамлекеттерден алган карыздарынын кезектеги өтө чоң суммасын төлөп баштайт. Албетте, сырттан келген карыздардын бардыгы АКШ доллары менен эсептеле турганын эске алганда, кунун эки эсеге жоготкон теңгенин акыбалы дагы-да начарлашы мүмкүн. Казак Республикасынын Улуттук банкынын расмий маалыматына караганда 2015-жылдын 30-сентябрына карата аталган өлкөнүн тышкы карызы 155,6 миллиард долларды түзгөн. Анын 81,6 миллиарды мамлекет алган карыздар. Демек, мамлекеттин тышкы карыздарынын жалпы суммасынын 52,5 пайызы. Ал эми калган 74 миллиард доллар жеке секторлордун карызы болуп саналат. Бул жылы Казакстан карыздарын бир четинен кайтаруу үчүн 19,5 миллиард доллар төлөшү керек. Анын 14,8 миллиарды негизги суммасы болуп саналса, калган 4,6 миллиарды үстөк пайызы болуп саналат. Мамлекеттин карыздарынын төлөмү болгону 720 миллионду түзөт, банктар 1,5 миллиард доллар. Ал эми реалдуу сектор 11,9 миллиард доллар төлөшү керек. Дагы 4,9 миллиард доллар – бул фирмалар ортосундагы карыз деп аталат. Эгемендүү Казакстандын тарыхы үчүн бул албетте карыздарды төлөөдөгү жылдык өтө чоң сумма болуп саналбайт. Салыштырып көрөлү: 2009-жылы алар 38,9 миллиард доллар, 2013-жылы 31,8 миллиард доллар сырткы карыздары үчүн берген. Бирок, ал учурларда нефтинин баасы жогору болуп, теңгенин курсу да сый-урматка ээ болуп, мамлекетте акча кенен болуп турган учур болчу. Ал эми азыркы кырдаал таптакыр башка. Казакстандын мамлекеттик бюджети 2016-жылга карата теңгенин курсун 1 АКШ долларына карата 300 теңге деп бекиткен. Бирок, реалдуулукта 1 АКШ доллары 370 теңгени түзүп турат.  Эми “Казак Республикасынын 2016-2018-жылдарга карата бюджети тууралуу” мыйзамына карап көрөлү. Анда 451,5 миллиард теңге мамлекеттик карыздарды камсыз кылууга каралган. Дагы 557 миллион кепилденген мамлекеттик займдарды жоюуга жана камсыздоого каралган. Жалпысынан 452 миллиард теңгеден бир аз ашыгыраак. Эгерде аны теңгенин курсун 300дөн деп эсептесек 1,5 миллиард доллар болот. Ал эми реалдуу курс 370 менен эсептесек 1,2 миллиард доллар болот экен. Айырмасы 301 миллион доллар. Нефтинин баасы Казакстан күтүп аткандай баррелине 40 долларга чыкпай, 30 доллар боюнча кала берсе, анда алар калган 301 миллион долларды кайдан алышат? Албетте, варианттар бар – Улуттук фонддун кубышкасына (акча жыйноочу идиш) кирүү, бюджеттин дефицитин көбөйтүү, бюджеттен акча алуу жана ашыкча акча басып чыгаруу. Бирок бул варианттардын бардыгы тең жакшы варианттар деп айтууга болбойт. Улуттук экономика министрлигинин статистика комитетинин маалыматы боюнча мамлекеттин ар бир жараны чет элдик кредит берүүчүлөргө 4200 доллардан карыз. Бул болгону мамлекеттик карыздарды эсептегендеги өлчөм. Ал эми жеке секторлор, фирмалар ортосундагы карыздарды кошуп эсептегенде ар бир казакстандык 8 миң доллардан чет элдиктерге карыз болуп чыга келет. Ал эми бул карыздардын 89 пайызы чет элдик валюталар менен документтештирилген. Демек, теңгенин бүгүнкүдөй абалында улуттук валюта боюнча эсептегенде карыздардын көлөмү дагы да көбөйүп кетет. Казакстандын Финансы министрлигинин тизмеси боюнча бул өлкө 148 өлкөлөргө, аймактарга жана Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу эл аралык уюмдарга карыз. Айрым өлкөлөргө, мисалы Анголого болгону 400 доллар, Бангадешке 27 миң доллар сыяктуу аз эле карыздары болсо, Нидерландияга 43,1 миллиард, Улуу Британияга 27,8 миллиард, Кытайга 13,4 миллиард, АКШга 12,8 миллиард, Францияга 11 миллиард, ал эми Россияга 6, 666 миллиард доллар карыз. Эми мына ушул карыздарды кайтаруу мөөнөттөрү биринин артынан бири келип турган учуру. Ал эми Казакстандагы экономикалык кризистин күчөп турган маалында, нефтинин баасы кескин төмөндөп турган учурда карыздарды кайтаруу өтө кыйын болуп турат. Андыктан коңшулаш Казакстанга караганда Кыргызстандын карызы океандын бир эле тамчысындай болуп калат.

Источник: Focus.kg