Кыргызстан-Россия фонду ишмердүүлүгүн күчөтө баштады

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүндөгү алгачкы жылдарда көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн кыргыз-орус фонду өзүнүн ишмердүүлүгүн күчөтө баштады. Жакында эле, тактап айтсак 5-февраль күнү аталган фонд KICB менен келишим түзүүгө жетишип, андан соң республикабыздагы кичи жана орто бизнестерди максаттуу каржылоо Программасынын алкагында 350 млн сом бөлдү. Мындай жол менен KICB ишкерлерди 12%дык жеңилдетилген кредит менен камсыз кылып туруучу кыргыз-орус фондунун үчүнчү өнөктөшү болуп калат. Кредиттер улуттук валюта менен гана берилерин эске салып коюшубуз керек. «Биз 5 айдын ичинде 1,2 млрд сомду өздөштүргөн, бардык облустардагы ишканалар боюнча кредиттерди сапаттуу жана оперативдүү бөлүштүргөн «Айыл Бак» жана «РКС Банктын» ишинен жакшы жыйынтык ала алдык. Биз бул программа мамлекет экономикасынын маанилүү бөлүгүн түзгөн кичи жана орто бизнестердин сапатынын өсүшүнө олуттуу импульс берет деп ишенебиз», — дейт кыргыз-орус фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулуу Ахметова. Мындан сырткары аталган фонд февраль айынын аяк ченинде эки мамлекеттик банкка 350 миллион сомдон кошумча бөлүүнү пландоодо. Албетте фонддун кеңешинин макулдугунан кийин. Эске сала кетсек бул эки мамлекеттик банк 1-февралга чейин өлкөбүздөгү 113 ишкананы 12%дык кредит менен жалпы жонунан 1 миллиард 206 миллион сомго камсыз кылган. Кичи жана орто бизнес демекчи, бул багытта өзгөчө кийим тигүү, айыл-чарбасы, текстилдик жана кайра иштеп чыгуучу өнөр-жай тармактарына көңүл бурулууда. Албетте мындай олуттуу жасалган кадамдар жакынкы 2-3 жылдын ичинде өз жемишин татыктуу берип калат деген ишенимдебиз.

Источник: Focus.kg