Президенттин маалымат жыйынында журналисттер кайсы суроону унутта калтырды?

Автор: Диналиана Джунушева
Марал радиосу Марал радиосу
28 декабря 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Президент Алмазбек Атамбаевдин бул жолку маалымат жыйыны ачык-айкын жана ошол эле учурда протоколдон аша чаап кеткен учурлары көп болду дешүүдө. Ошондой эле өлкө башчысына эмнегедир коррупция тууралуу бир да суроо берилбегени серепчилерди ойго салды. «Кыргызстан 300 млрд сом грант алды…»

Кечээ, 24-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин салтка айланган маалымат жыйыны болду. Ал адаттагыдай эле “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлдү. Эки жарым саатка пландалып, бирок үч сааттан ашкан маалымат жыйында өлкө башчысы узап бара жаткан жылдын жыйынтыктары тууралуу айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Жыйынды ачып жатып өлкө башчысы өтүп бара жаткан жыл жөнөкөй жылдардан болбогонуна жана 4 жылдын аралыгында Кыргызстан колдоо көрсөткөн өлкөлөрдөн жалпы 300 миллиард сомдун тегерегинде кайтарымсыз жардам алганына токтолду.

- 2015 жөнөкөй жылдардан болгон жок. Келе жаткан жыл да жөнөкөй жылдардан болбойт. Ошон үчүн мен көз карандысыздык күнүндө жана Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары өз ишин баштап жатканда сүйлөгөн сөзүмдө 2017-жылда финансылык көз карандысыздыкка жетүү керектигин айткам. Анткени өлкөгө оңой болбойт. Биз ушул кезге чейин көптөгөн өлкөлөрдөн чоң кичине болсо дагы жардамдарды, колдоолорду алдык. Маалымат жыйындын алдында биз ал сандарды эсептеп чыктык. Ага ылайык, Кыргызстан 4 жылдын ичинде кайтарамсыз негизде 4 миллиард доллар алды.

«Түркия чоң ката кетирди…»

4-ирээт өткөн маалымат жыйынга чет элдик, республикалык жана аймактык 76 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 130га жакын журналист катышты. Алар тарабынан жалпы 45ке жакын суроо берилди. Өлкө башчысы 4 жылдык аткарылган иштер тууралуу кыскача маалымат берген соң эң алгач Түркия менен Орусиянын учурдагы мамилеси тууралуу пикирин сурашты. Атамбаев ал суроого жооп берип жатып, бул окуяда Түркия чоң ката кетиргенин билдирди.

- Түркия андай радикалдык чараларга барбашы керек болчу. Түркия Орусиянын учагын атып түшүргөнү чоң катачылык болду деп эсептейм. Көп нерсени айтпаганда деле, эки өлкөнүн мамилесине кандай доо кеткенин көрүп турабыз. Билесиздерби, биз Орусиянын президенти Владимир Путин менен бул темада сүйлөштүк. Албетте, Түркиянын бул кадамы таптакыр туура эмес болду.

Мындан сырткары журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев ишке ашырылып жаткан улуттук долбоорлор, инвестицияларды тартууну улантуу зарылчылыгы, ошондой эле стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташуу жана транспорт, инфраструктура, гидроэнергетика, жалпы эле экономикада биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди. Журналисттерди улуттук экономиканы чыңдоо боюнча пландар, кризиске каршы чараларды киргизүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо, парламенттик башкарууга өтүү жана конституциялык реформа, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо, сот реформасы жана Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу суроолор берилди.

«2017-жылы президенттик орун талашка түшөт...»

- Сиз бир нече жолу Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу айткансыз. Анын ичинде толук түрдө парламенттик башкарууга өтүү боюнча. Сиздин президенттик мөөнөтүңүз бүткүчөктү ушундай сыяктуу реформаларды жүргүзүү мүмкүнбү жана кийинки президентти парламент тандайт деген канчалык деңгээлде ыктымалдуу?

- Мен дароо айткым келет, президентти парламент тандайт дегенди элибиз кабыл албайт. Ал эми эмнеге Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек дегенде, мага ишенип койгула, тилекке каршы 2017-жылы башкача кырдаал болот. Эгер мен 63 пайыз добуш алуу менен президенттикке өткөн болсом, калган экөө 14 пайыздан алышкан. 2017-жылы болсо болжол менен айтканда, алдыга чыккан эки адам 50 пайыздан добуш алып, аз гана айырма менен алдыга озуп чыкса жана президенттик кресло азыркыдай салмактуу болсо, алардын бирөө образдуу чечмелесек дубалга (забор) чыгып кетиши мүмкүн. Анан ал эки жаш жигиттин аркасында мурунку убакытты кайтарып келүүну каалаган күчтөр турушу мүмкүн. Бул жашыруун эмес. Ошон үчүн президенттик креслону эч кимдин жаман оюндарына алдыртып койбошубуз керек. Ар бир кырдаалдан сактануу керек болот. Биз өлкөдө бүлгүн болушуна жол бербешибиз керек. Өлкө өзүнө ишениш керек.

Андан тышкары ЖМК өкүлдөрү мыйзам чыгаруу демилгелери, тактап айтканда казино жана БӨУ ишмердигине байланыштуу, Кумтөр кенинин тегерегиндеги кырдаал, Кыргызстанда жана жалпы эле аймакта терроризм коркунучу, ага каршы өлкөдө жүргүзүлүп жаткан күрөш, оппозиция, кадрдык саясат, чек аралар тууралуу суроолорду беришти.

«Казинолор ачылса да, кыргыз жарандарына уруксаат берилбешин колдойм…»

- Акыркы кездери өкмөт казинолорду кайрадан ачуу боюнча сунуш көтөрүп жатат. Өлкө башчысы катары бул сунушка кандай көз караштасыз?

- Ачык айтканда мага ошол долбоордун бир эле жагы жагып жатат. Кыргызстандын жарандарына кумар оюнун ойногонго уруксаат берилбейт дегени. Анткени кумар ойногон адам үй-бүлө, жакындары үчүн чоң мүшкүл болот. Кээ бир нерсе бар, каалайбызбы каалабайбызбы менин угушумча казинолор азыркыга чейин деле жашыруун түрдө иштеп жатат. Бирок эгерде мен кандайдыр бир маселе боюнча аягына чейин билбесем, парламенттен талкуу болсо деп ойлойм. Буюрса ошол жерде чоң талкуу болот. Анан кийин бир чечим чыгаралык. Азырынча бир чечим чыгарыш кыйын. Бирок, дагы бир жолу баса белгилейм, эгерде өкмөт, парламент кумарканаларга уруксаат берсе, анда өзүнчө бөлүнгөн жерде болуш керек биринчиден, экинчиден кыргыздын жарандарына кумар оюндарын ойноого уруксаат берилбеши керек.

- Кыргыз-тажик чек арасында аныкталбаган жерлерден улам туруктуулук сакталбай келет. Ошол себептүү чек арага чектеш жайгашкан айыл тургундары тажик тарап менен 12 гектардан жер алмашууну демилгелеп чыгышкан. Аны өкмөт колдоп, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр болгон. Бирок ошол боюнча токтоп калды. Эми ал улантылабы же ага чекит коюлганбы?

- Чек ара маселеси албетте унутулган жок. Бул иш улантылат. Мен дүйшөмбү күнү Тажикстандын президенти Эмомали Шарипович Рахмон менен ушул маселе боюнча дагы бир жолу сүйлөштүм. Колдон келишинче 2 жылдын ичинде бүтүрсөк болот эле деп ал кишиге дагы бир жолу өтүндүм. Албетте чек ара маселеси абдан көйгөйлүү. Бирок мен айтаар элем, акырындап бир жылыштар бар. Мурунку жылдарга караганда чатактардын саны эки-үч эсе азайды. Бул менин да көзөмөлүмдө бар. Мен дагы бир жолу Тажикстандын президентинен бул маселени тездетелик деп өтүндүм. Ушундай жолугушуулардан улам бул маселе тездетилип, улантылат.

«Пианинодо ойногонду үйрөнүүнү кыялданам…»

Маалымат жыйында кызыктуу да суроолор берилди. Алардын катарын президенттин мөөнөтү аяктаган соң Атамбаев саясаттан кетеби же жокпу деген суроо толуктады.

- Президенттик мөөнөтүңүз бүткөндө эмне менен алектенейин деп жатасыз? Саясатта каласызбы?

- 2 жылдан аз убакыттан кийин пенсияга кеткенде уктайм, китептерди окуйм деп ойлойм. Пианинодо ойногонду үйрөнүүнү кыялданып келем. Өлкөгө көз чаптырып турам. Албетте, өлкөбүз мага ар дайым кымбат болот. Бирок эгер кайрадан уурулукка жол берилип баштаса же ушул сыяктуу окуялар болуп кете турган болсо жөн гана карап турам деп ойлобойм. Ал менин мүнөзүмдө жок нерсе. Бирок жаңы жүздөр жакшы иштеши үчүн мен саясаттан максималдуу түрдө алыс болууга аракет кылам. Мен муну ушундай көрөм.

«Президент протоколдон чыгып кетти...»

Президенттин жыл жыйынтыгына арналган жыйынга серепчилер да катышып, байкоо салып отурушту. Саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин пикиринде Алмазбек Атамбаевдин бул жолку маалымат жыйыны ачык айкын болду.

- Бул жылкы жыйында президентибиз журналисттердин суроолоруна ачык-айкын, чын дилинен жооп берип жатты. Байкап калдык, кээде протоколдон аша чаап кетип жатты. 

Дал ушундай эле пикирди жергиликтүү журналисттердин катарын толуктаган Гулиза Чудубаева да билдирип, мамлекет башчысы өз оюн так жана даана айта алды, дейт.

- Чын эле бул маалымат жыйын ачык болду деп ойлойм. Кээ бир сөздөрдөн да уялган жок президентибиз. Болгонун болгондой, ачык ачыктай, жабыкты жабыктай айтты. Жинин келтирген суроолорго да агрессивдүү болсо да жооп берип жатты.

Бирок бул жолу эмнегедир коррупция тууралуу бир да суроо берилбегенине таң калган серепчи Бакыт Бакетаев, жыйын башталгандан бери аягына чейин ошол суроону күтүп отурганын жашырган жок.

"Азыркыга чейин системалуу коррупция жоюла элек да. Ошон үчүн бул тууралуу суроо берилеби деп күттүм. Бирок андай суроо такыр берилген жок, - дейт Бакетаев. 

Ошол эле учурда аша чапкан да суроолор берилди деген да пикирлер айтылып жатты. Маселен бир журналисттин сиздин ар намысыңыз канча турат деген суроо Атамбаевдин жинин келтиргени ачык эле байкалып турду.

Источник: maralfm.kg