Кээ бир акимдер Аалы Карашевди алдашып...

28 декабря 2015
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

"Кээ бир  акимдер мурда ачылган мекеме-ишканаларды 2015-жылы ачылган деп маалымат беришти",- Бул тууралуу Өкмөттүн  жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев билдирди.

Анын айтымынды,  Лейлек районунун акими Арипов Тилеберди райондо бир нече ишкана ачылгандыгы тууралуу маалымдаган. Текшерүүлөрдөн кийин, алардын төртөө буга чейин эле иштеп келатканы белгилүү болгон. Базар-Коргон районунун акими да мурда ишке кирген 7 обьекти 2015-жылы ачылды деп маалымат берген. Ошондой эле Сузак районунун акими да буга чейин иштеген 8 ишкананы жаңы ачылды деп кабарлаган.

"Өкмөт бардык облустардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана райондордун акимдерине ондон кем эмес мекеме-ишканаларды ачуу тапшырмасын койгон. Бирок айрым акимдер бул тапшырманы аткара алган жок",-деди Биринчи вице-премьер-министр

Ушул себептен, Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповду ээлеген кызматынан бошотуу жана Сузак, Кара-Кулжа, Түп, Кочкор райондорунун акимдерине жана Талас районунун акиминин биринчи орун басарына сөгүш, аны менен катар Балыкчы шаарынын мэрине жана Базар-Коргон районунун акимине эскертүү берүүнү сунуштады.

Источник: Fakt.kg