Бүгүн 4-ноябрда Кыргызстандын айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча маалымат жыйын өттү. Анда таза экологиялык азыктарды базар экономикасына жайылтуу жана сүт азыктарын дүйнөлүк бренд кылуу болуп эсептелет.
Ошондой эле эртеӊ 5-ноябрь органикалык фермерлердин жана кайра иштеп чыгуу ишкерлердин биринчи жолу съезди өтөт. Съезд улуттук деӊгээлде болот. Иш-чаранын алкагында жарманке уюштурулуп, жети облустун дыйкандары өздөрү өндүргөн азыктарын алып келип койоорун. «Био-KG» органикалык кыймылынын директору Искендербек Айдаралиев билдирди.
Жети облустан келген дыйкандар айыл-чарба тармагында кандай кемчиликтер жана мамлекеттен кандай жардамдар көрсөтүлүш керектигин талкуулап жетекчилерге, өкмөткө жеткирүү талабы коюлат. Анткени, Кыргызстандын айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча органикалык таза азык-түлүктү өндүрүүгө бүгүнкү күндө көӊүл бөлүү зарыл.
Съездге 200гө жакын фермермерлер келип катышат. Жарманке 6-7-8-ноябрь күндөрү К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университетинде өтөт.