Улуттук банк коммерциялык банктардан насыя алгысы келгендерге чектөө киргизди

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек, “Саясат.kg". Улуттук банк коммерциялык банктарга жана кичикаржылоо уюмдарына насыя берүүдө чектөө киргизишти. Эгер кардар банктан доллар валютасында насыя алууну көздөсө, анда анын айлык маянасынын жок дегенде 50%ы доллар менен болушу зарыл.

Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өкмөт отурумунда билдирди.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев каржы уюмдарынын жарандарга насыя берүүсүн көзөмөлгө алууга тийиш экендигин белгиледи. Айтымында, аталган банк  каржы уюмдарына кандай учурда насыя берсе болот, кандай учурда бербеш керек, эреже жазуусу шарт. Ишканаларды өнүктүрүүгө же жеке керектөөсү үчүн алынчу насыялардын санын кыскартуу керек.

Улуттук банктын маалыматында, бүгүнкү күндө коммерциялык банктардан 85 миллиард 817 миллион сом насыяга берилген.

Т Абдыгулов жарандын айлык маянасы доллар менен берилбесе, анда насыяны да доллар менен бербеш керек деген пикирге токтолду. 

Источник: Sayasat.kg