Кумтөр компаниясы Ысык-Көл фондусуна 400 млн сом бөлөт

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде - Ысык-Көл өнүктүрүү фондусуна 2013-жылга 400 млн каражат түшөөрү болжолдонууда. Аны облусту өнүктүрүү үчүн 30-40 пайызы бюджетке киреше алып келүүчү булактарга бөлүү  жагы колдоого алынууда. Ал эми калган каражат социалдык багыттарга жумшалат. Мындай маалымат облустук администрациясынын пресс-борборунда өткөрүлгөн,   өнүктүрүү фондунун каражатынын сарпталышына арналган пресс-конференцияда  журналистерге облусттук байкоочу кенештин мүчөлөрү маалымдашты. Бул туурасындагы маалыматы аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна өкмөттүн өкүлүнүн жардамчысы Роза Кайыкова жана Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун кызматкерлери жооп беришти.

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун жетекчиси Айтбек Окенов  областтын аймагында өткөн жылдарда 12 объектке каражат бөлүнүп, анын жарымы каражат жетишпей бүткөрүлгөн эмес. Аларга бул жылда 19 млн 600 сом бөлүнөөрүн билдирди.

“Эгерде Кумтөр бизге убада кылган акча каражатын толук берсе, анда биз алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырууга мүмкүндүк түзүлөт. Ал максатта  бюджетке киреше киргизүү үчүн Күрмөнтү цемент заводун ишке киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле казынага киреше киргизүүчү булактардын долбоорлору жер-жерлерден кабыл алынып, байкоочу кеңештин кароосуна коюлат. Ал 25-январда болот”,-дейт А. Окенов.

Журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берген фондун өкүлдөрү  каражат боюнча ким  маалымат алууну каааласа, фонддун эшиги  алар үчүн дайыма ачык экенин билдиришти.

Источник: Баракелде