Ысык-Көл өнүктүрүү фонду социалдык объектилерди курууга 256 млн 175 миң сом бөлдү

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде - Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунан 256174,896 сом акча каражаты областтагы социалдык объектилерди куруу жана оңдоп түзөөгө алынган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өтүп бара жаткан жылдын 1-декабрына карата фондко «Кумтөр» алтын кен ишканасы берген 168471,996 миң сом жана 2011-жылдан калган фондогу 87702,9 миң сомду кошуп, жалпысынан 256174,896 миң сом социалдык объектилердин курулушуна жумшалды.

Тактап айтканда, област боюнча аталган каражат төмөндөгүчө бөлүштүрүлгөн: Билим берүү тармагына – 107333,97 миң сом, саламаттык сактоо тармагына – 43041,244 миң сом, маданият тармагына – 9421,882 миң сом, спорт тармагына – 33082,973 миң сом, башкаларына – 63294,827 миң сом.

Учурда 2011-жылы курулуш иштери башталган социалдык объектилердин иштери улантылууда.

Источник: Баракелде