«Дело №...» гезити ишин токтотот

АКИpress -  «Дело №...» гезитинин редакциясы гезитти чыгарууну токтотот. Мындай кайрылуу гезиттин сайтында жарыяланды.

Редакция бул чечим «өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу» экенин түшүндүрдү.

«Дело №...» гезити 30 жылдан бери жарыкка чыгып келет. Журналисттер Виктор Запольский жана Светлана Красильникова тарабынан негизделген. Гезиттин биринчи саны 1991-жылы 7-мартта чыккан.

Источник: Баракелде