Оштогу музыкалык окуу жайга директор катары барган Каримованы жамаат киргизбей жатат (видео)

Ырчы Самара Каримова 2018-жылы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи катары дайындалып көп өтпөй кайра кызматынан алынган. Ошол учурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов ырчыны кызматка дайындоо буйругун жокко чыгарган болчу.

“Буйрук мыйзамсыз болгон. Самара Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо тууралуу буйрукка буга чейин министрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Секимов Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгондугу аныкталды. Бул мыйзамсыз болуп саналат, себеби буйрукту каттоо учурунда кызмат ордунда болушу керек эле”, - деп билдирген Жаманкулов.

Бүгүн, 14-январда Самара Каримов бул иш боюнча сотко кайрылып, жеңип чыкканын айтып музыкалык окуу жайга барган. Бирок окуу жайдын жамааты аны кабыл алуудан баш тартышууда. 

Видео

Источник: kabarlar.org