Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогун жеңип алды

17 декабря 2020
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Мээрим Жуманазарова Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды. Ал 68 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

Жуманазарова 15-декабрда 1/4 финалдык баскычта беларусиялык спортчу Анна Садчанканы жеңген. 1/2 финалдык баскычта украиналык Алина Бережна менен беттешип, аны 6:6 эсебинде уткан.

Финалда кыргызстандык спортчу чехиялык Адэла Ханзликова менен килем үстүнө чыкты. Беттеш 8:2 эсебинде жыйынтыкталып, Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунун алтын медалына ээ болду.

Источник: Баракелде