Сыймык Жапыкеев: “Манас айтканды токтоткулачы, ал деген жомок. Лөлүдөн эмне айырмаӊар бар?” (ВИДЕО)

Обратите внимание на дату публикации.

Мындай пикирин “Чоӊ Казат” кыймылынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев айтты. Ал, өзүнүн социалдык байланыш тармагы аркылуу түз байлыншта мындай деп айткан:

“Биз калмак менен кыргыз согушуп кетип, ошол бойдон эле согушуп жүрө берет экенбиз. Ортоӊордо эмне бар, эмнеге согушасыӊар десем, “Манасты Коӊурбай өлтүргөн”-дейт. Эпос үчүн дагы согушкан болобу? Манас деген тарыхта болгон эмес, тарыхчылардан дагы сурагыла. Лөлүдөн эмне айырмаӊар бар?! Манас айтканды дагы токтоткулачы, кийин айтасыӊар. Манас деген тарых эмес, Куран дагы эмес, жөн эле бир жомок. Чындыкты айтып койсо чычалайсыӊар, Өзбекстанга көчүп кет деп. Манас деген дем бербейт, күч бербейт. Эч жерде тааныбайт, Манасты. Болсо болгондур, койгулачы Манасты!”-дейт ал.

Видео 

“Чоӊ Казат” кыймылынын лидеринин мындай пикири социалдык байланыш тармагында кызуу талкууга алынып жатат. Манас эпосу – кыргыздын руханий байлыгы. Дүйнөдөгү эӊ көлөмдүү эпос катары таанымал. Манасты кыргыз эли көкүрөгүндө жашатып, муундан-муунга ооз эки түрүндө сактап, 20-кылымдын башында кагазга түшүрүп баштаган. Манасчылык өнөрдү эч ким жаттап үйрөнө албайт. Ал, касиеттүү бир сырлар менен аян катары келип, аян алган адам өзүн жоготуп, токтоно албай Манас айтып баштайт.

Источник: koom.press