Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга Бишкекте узатылат

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Кыргызстандын эл артисти, төкмө акын, обончу Элмирбек Иманалиев акыркы сапарга Бишкек шаарында узатылат. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-апрелде саат 11:00дө Тунгучтагы үйүндө өтө турганын чыгармачыл инсандар билдиришти. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Элмирбек Иманалиев 42 жашында 20-апрель күнү ооруканада көз жумду. Маркумдун артында жубайы жана балдары калды.

Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал айтыш боюнча бир катар сынактардын жеңүүчүсү, «Булбулум», «Аруузатым», «Коштошуу вальсы» сыяктуу ырлардын автору.

Источник: Баракелде