Олимпиада-2020: Кытайда боло турган лицензиялык турнир Кыргызстанда өтүшү мүмкүн

14 февраля 2020
Версия для печати

Баракелде -  Япониянын Токио шаарында боло турган Олимпиада оюндарынын күрөш боюнча лицензиялык турнири Кыргызстанда өтүшү мүмкүн.

Азия аймагындагы тандоо турнири 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында өткөрүү пландалган. Бирок «UWW» эл аралдык федерациясы тарабынан Ухань шаарында пайда болгон коронавируска байланыштуу башка жерге өткөрүү чечими кабыл алынган.

Турнирди коңшу өлкөлөрдө өткөрүү максатында Корея, Өзбекстан жана Казакстанга сунушталып, бирок алар макул болушкан эмес. Андан соң «UWW Asia» турнирди Кыргызстанда өткөрүү сунушу менен кайрылган.

Буга чейин Кыргызстанда чоңдор арасындагы Азия чемпионаты өткөн болчу.

Источник: Баракелде