"Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу?". Депутат Зулушев өкмөт музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат бериши керектигин айтты

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Депутат Курманкул Зулушев өкмөт музейдеги кыздардын жылаңачтанган көргөзмөсү боюнча маалымат бериши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бүгүн түштөн кийин аткезчилик боюнча маселе карайбыз. Ага премьер-министр, ички иштер министри катышат. Аткезчилик маселеси каралганга чейин алар бизге музейдеги көргөзмө боюнча маалымат беришин сунуштайм. Өлкөдө маданиятыбызга, каада-салтыбызга шек жараткан окуя болду. Бала кезден баарыбыз билебиз, айыл жеринде аял киши жылаңачтанып басмак турсун, ич кийиимин көрсөтпөй жайган. Бул боюнча биздин укук коргоо органдары эмне иш кылып жатат? Кандай мыйзамдуу баа берилип жатат? Коомдук жайда абийирин көрсөтүү кандай бааланат? Бул маданиятпы же мыйзам бузуубу", - дейт Зулушев.


 

 

Источник: super.kg