Отунбаева Жангарачеваны кызматтан алган министрди сындады

Обратите внимание на дату публикации.

Экс-президент Роза Отунбаева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сын айтты.

- Социалдык тармактарда салттуу адеп-ахлактын жана баалуулуктардын коргоочулары дуулдашты. Жаш министр териштирип, жыйынтык чыгаруунун ордуна тайсалдап, көркөмсүрөтмузейининдиректоруМираЖангарачеваныкызматтаналды. Мырзалар, токтогула! Балкимсилердеадминистративдиккүч бардыр, бирок коомдун жана аялдардын тилектештиги деген пикир да бар. Көргөзмөаялдардынмаселесине, аларгакаратазомбулуккаарналган. Өкмөт, Маданиятминистрлигиаялдардынкөйгөйүнчечүүдөэмнеишаткарды?, – деп жазылган Отунбаеванын кайрылуусунда.

Экс-президент искусство ар кандай болорун, кээде чуу жаратарын белгилеп, мындай мисал келтирген.

- Чуулгандуу көргөзмөлөрдүйнөжүзүндөБатыштада, Чыгыштадаболгон. Эйфелмунарасыкандайызы-чуугакабылболгонунэлестеткилечи. ЧыңгызАйтматовдун“Биринчимугалими” боюнча Андрей Кончаловскийдин тасмасындагы жылаңачНатальяАринбасарованыэстепкөргүлө. Өлкөандадабуркан-шаркантүшкөн.

Роза Отунбаева көрүүчү катары феминналеде менталитетке жат, биздин коомчулукта актуалдуу эмес маселелер болгонун белгилеп, уюштуруучулар мындай көрсөтмөлөрдүн концепциясын алдын ала сүйлөшүп алышы керек деген пикирге кошуларын билдирди.

Көркөм сүрөт музейиндеги иш-чарага каршы болгондор 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты.

Мындан кийин Мира Жангарачева кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылганы кабарланган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген. 

Источник: «Азаттык»