Ахматбек Келдибековдун маалымат каражатына болгон доосу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкты

3 сентября 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Мурдагы спикер Ахматбек Келдибековдун Kyrgyztoday сайтына карата жазган арызынын негизинде кезектеги экспертизанын жыйынтыгы чыкты.  

Эске салсак, аталган сайт Келдибеков тууралуу макала чыгарган, анда экс-спикер коррупционер катары көрсөтүлгөн. Келдибеков аны жаманатты кылуу деп баалап, сотко кайрылган.  

Келдибековдун адвокаты Гуля Рыскулованын айтымында, эксперттер макаладан мазактоонун, жалган жалаанын жана кадыр-баркка доо кетирүүнүн элементтерин табышкан.  

Лингвисттер материалдык доо бир миллион сомго тең келээрин аныкташкан. Ахматбек Келдибеков арызынан баш тартууну азырынча ойлоно элек. Ал макаланын авторунан жазганын расмий жалганга чыгарууну жана кечирим суроону талап кылууда. 

Источник: sayasat.kg