“Манас” операсы аншлаг менен өттү

Кытайдын чыгармачыл группасы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдаган “Манас” операсы, кыргыз элине тартууланды. 100 дөн ашык кишиден турган чыгармачыл топтун кийимдери, музыкасы келген эл өкүлдөрүнүн, кыргыз маданиятындагы интеллигенциянын, журналисттердин көңүлүн бурду.

Манас операсын көргөнү келген элдерди кыргыздын күүсү, нукура үн жана улуттук кааданы чагылдырган көрүнүш менен тосуп алышты. Андан соң Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ачып, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэньга сөз берди.

Сахнада декорациялар заманбап стилде бирок улуттук баалуулуктар таасын көрүнүп турат. Башталганда эле Манастын кейипкерине көңүлүң бурулат. Анткени актриса Яо Гон Каныкейдин образын жогорку деңгээлде чагылдырып, анын сулуулугун , даанышмандыгын жеткире аткара алды.

Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлүп, “Манас” эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна чыгармачыл топ үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышкан. Ал эми “Манас” операсын Кыргызстанга алып келүү үчүн даярдыктарга бир жыл даярданышкан.

“Манас” операсы 4 көшөгө менен өтүп, ар бир бөлүгү адамга эстетикалык ырахат тартуулады.

Источник: govori.tv