Өкмөт Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси боюнча билдирүү таратты

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкүнүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Премьер-министр мамлекеттик органдын башчыларын дайыма ачык, айкын болууга чакырат. Ал дайыма ачык, айкындуулук менен жарандардын ишенимин жогорулатса боло турганын белгилеп айтып келет. Бардык жагдайларды текшергенден кийин премьер-министр Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берүү маселесин карайт", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган.

Бүгүн, 6-июнда журналисттер Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында Абдраимовдун отставкасын талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүштү.
 

Источник: super.kg