Филология илимдеринин доктору: "Депутаттар, министрлер кыргыз тилинин эрежелери боюнча китептерди окушпайт"

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков эл өкүлдөрү кыргыз тилинде туура эмес сүйлөп жатат деген сөздөр айтылып жатканын билдирди.

"Парламентти бүт кыргыз эли карап отурат. "Депутаттар, кыргыз тилинде туура эмес сүйлөйсүңөр" деп кайрылгандар бар. Кээ бир депутаттар "барайлы, алайлы, берейли" деп сүйлөшсө, айрымдары "баралы, алалы, берели" деп сүйлөшөт. Ушунун кайсынысы туура?" - деп сурады депутат.

Филология илимдеринин доктору Сыртбай Мусаев ушунун бардыгы китепте эрежелери менен жазылып турганын эскертти. "Ошол китепти окуган киши жок болуп жатат. Анын эмнесин жашырабыз. Министрлер, депутаттар тил эрежелери жазылган китепти окушпайт. Элдин алдына чыгам деген адам өзү өнүгүшү керек. "Баралы, алалы, берели" деп сүйлөгөн туура болуп эсептелет", - дейт Мусаев.
 

Источник: super.kg