Депутат журналисттер үчүн Жогорку Кеңештеги дресс-кодду жоюп салууну сунуштады

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Депутат Дастан Бекешев журналисттер үчүн Жогорку Кеңештеги дресс-кодду жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Журналисттер дресс-код үчүн Жогорку Кеңешке кире албай жатышат. Ушул кичинекей маселени дайыма көтөрүүгө туура келет. Буйрук чыгарып, жок дегенде журналисттерге кирип-чыкканга дресс-кодду жоюп салуу керек. Алар да өздөрүнүн жумуштарын аткарып жатат. Эшикке чыгып интервью берген, бизге ыңгайсыз болуп жатат", - деди Бекешев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков аккредитациядан өткөн журналисттер Жогорку Кеңешке кирип жатканын айтты. Төрага бул боюнча журналисттерге атайын жеңилдетилген шарт каралып жатканын белгиледи.
 

Источник: super.kg