КТРКнын директорлугуна талапкер болгон 17 адамдын ичинен 8и кийинки турга өттү

Автор: Жамалидин Парманкулов
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

КТРКнын директорлугуна талапкер болгон 17 адамдын ичинен 8и кийинки турга өттү. Бул тууралуу аталган телеканалдын Байкоочу кеңеши кабарлады.

Маалым болгондой, Байкоочу кеңеш бүгүн, 1-мартта 17 талапкердин программасын угуп, жыйынтыгында Адил ТурдукуловСураган БосумбаеваИбраим Нуракун уулуМирлан СамыйкожоГалина БайтерековаЖайнак Үсөн уулуЗамирбек Казакпай уулу жана Болотбек Тиллебаевди финалдык турга өткөрдү. Финалдык тур 6-мартта өтөт.

КТРКнын директору болууга алгач 22 адам арыз берген. Бирок Жылдыз Муслимова, Элдар Аттокуров жана Бөлөкбай Шеримбековдун документтери толук болбой калганы үчүн жарыштан четтеп калышкан. 28-февралда телеканалдын учурдагы директору Илим Карыпбеков кайра директор болуудан баш тартып, арызын кайтарып алса, дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин тизмеден чыгарылган. 
http://www.super.kg/kabar/news/264803/

 

 

Источник: super.kg