Бир айдан бери чуусу бүтпөгөн Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды

Автор: Жамалидин Парманкулов
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз циркинин директору болуп Фархад Бекманбетовдайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады. Анын айтымында, Бекманбетов бүгүн, 24-январда цирктин эмгек жамаатына тааныштырылды.

"Кыргыз циркинин директорлугуна Фархад Бекманбетовду дайындап, азыр эмгек жамааты менен тааныштырдым. Анын директор болушуна каршы болуп жумуштан кетебиз деп жаткандар маселесин эми өздөрү чечет. Анткени жумуштан кетүү арызын мага жазып жатышканы туура эмес, директорго жазышы керек болчу", - деди Жаманкулов.

Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан.
 

Источник: super.kg