Цирк артисттери уюштурган митингдин жыйынтыгы. Министр үч күндүн ичинде жетекчи дайындоону убадалады

Обратите внимание на дату публикации.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мамлекеттик цирктин артисттерине үч күндүн ичинде директор дайындоого убада берди. Бул тууралуу бүгүн митингге чыгышкан артисттер билдиришти.  

Алар эгер циркке бул чөйрөгө катыштыгы жок адам жетекчи болуп келсе, 33 артисттер турган труппа иштен кетээрин айтышкан. Эмгек жамаат жетекчиликке жаачы Аида Акматованы ылайыктуу деп табышууда. Цирктин жетекчилигине учурда эки талапкер бар, бири Аида Акматова болсо, экинчиси цирк дүйнөсү менен тааныштыгы жок балетмейстер Зарылбек Молдобакиров.  

Мындан улам артисттер Акүй алдына митингге чыгышып, оюн көрсөтүштү

Источник: sayasat.kg