Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыков Кытайдын Циндао шаарында өткөн кинофестивалда "Түнкү кырсык" тасмасындагы ролу үчүн эң мыкты актёр наамын багындырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына режиссёр Темир Бирназаров билдирди.
"Эл аралык "Алтын чардак" кинофестивалы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөр арасында өттү. Анда 60тан ашуун тасма катышкан. Кыргыз жергесинен барган делегацияны кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевжетектеген. Кыргыз тасмаларынан "Атанын керээзи", "Назик ханбийке", "Апамды издеп", "Асман алдында" жана "Түнкү кырсык" тасмалары катышкан. Алардын ичинен менин "Түнкү кырсык" тасмамда башкы ролду жараткан Акылбек Абдыкалыков эң мыкты актёр наамын алды", - дейт ал.
Белгилей кетсек, аталган кинофестиваль 13-июнда башталып, 18-июнь күнү жыйынтыкталган. "Алтын чардак" кинофестивалы быйыл алгачкы жолу өткөрүлгөн.