Абылгазиев: Билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
Обратите внимание на дату публикации.

Абылгазиев бүгүн, 15-майда өлкө мектептерин интернет менен камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге вице-премьер- министр Алтынай Өмүрбекова, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда өкмөт башчы билим берүү тармагы өлкөнүн социалдык-экономикалык жашоосундагы маанилүү тармактардын бири экендигин белгиледи.

Анын айтымында, Өкмөт билим берүүгө каражаттарды салууга даяр. Анткени бул – келечекке болгон инвестиция. Ошондуктан, республиканын бардык мектептерин Интернет менен камсыздоо зарыл.

Кудайбердиева өз учурунда, республиканын мектептеринин 55 пайызында интернет жеткиликтүү экенин маалымдады.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен жаңы окуу жылынан тарта 5 жана 6-класстын окуучулары тиешелүү окуу китептери менен 100 пайызга камсыздалат. Муну менен бирге жыл сайын жаңы окуу китептерди басып чыгарууга мамлекет 500 млн сомго жакын бөлүшү керек.

Ал парламент депутаттарынын сунушу боюнча, окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын кошумчалады.

Шаршембиевдин айтымында, учурда калган бардык мектептерди интернетке кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Була-оптикалык линиянын курулушунан соң толугу менен жыйынтыкталат.

Источник: maralfm.kg